Бишкекте өзгөчө кырдаал жарыялоого эч кандай негиз жок – ӨКМ
Борбор калаанын ЖЭБдеги аварияга байланыштуу Бишкекте өзгөчө кырдаал жарыялоого эч кандай негиз жок. Бул тууралуу маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.
Анын айтымында, үйлөрдө температура сакталууда.
«Бардык медициналык мекемелерге эскертүү берилип, билим берүү уюмдары онлайн окутууга өттү. Электр энергиясы үзгүлтүксүз берилүүдө. Норма боюнча үйлөрдөгү температура +18+21 градус болушу керек. Үйлөрдөгү температура өмүргө коркунуч туудурган деңгээлге түшпөйт», - деди ал.