Талантбек Арстанкулов Ош облусунун губернаторунун орун басары болуп дайындалды
Талантбек Арстанкулов президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу облустук администрациясы билдирди.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Жыйынга райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, Ош облусунун ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Талантбек Арстанкулов жетекчиликке көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, социалдык өнүгүү багытында жаңы бийиктиктерди багынтуу үчүн облустун жетекчилери менен биргеликте, ынтымакта аракеттенүүгө даяр экенин баса белгиледи.