Өкмөт Бишкек ЖЭБдин бузулган имараттарын капиталдык оңдоодон өткөрүүнү тапшырды

Өкмөт Бишкек ЖЭБдин бузулган имараттарын капиталдык оңдоодон өткөрүүнү тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө ЖЭБти калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат угулду. Энергетика министри борбор калаанын ЖЭБинде 4-февралга карата дагы бир от казан кошумча ишке киргизилгендигин билдирди. Жалпысынан учурда 8 от казан, 4 турбогенератор иштеп жатат, суунун агымы 40 градустан 61 градуска чейинки температурада.⠀

Мамкурулуштун директору Нурдан Орунтаевдин айтымында, алдын ала маалымат боюнча 15 миң чарчы метр чатыр жарактан чыгып, бүгүнкү күндө 4300 чарчы метрден ашууну калыбына келтирилген.

Министрлер кабинетинин башчысы бузулган имараттарды капиталдык оңдоодон өткөрүүгө тапшырма берип, «жарым жартылай аракет жарабайт» деп белгиледи.

Мындан тышкары, Жапаров борбор калаанын ЖЭБин модернизациялоого багытталган иш-чаралардын планын иштеп чыгуу боюнча ишти тездетүүнү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Тийиштүү уруксат кагаздары жок, чет өлкө жарандарын ишке тарткан ишкер кармалды

Тийиштүү уруксат кагаздары жок, чет өлкө жарандарын ишке тарткан ишкер кармалды

Адамдын ден соолугуна коркунуч келтирген тамак-аш продукциясын өндүргөндүгү үчүн УКМК тарабынан «КАВиКЕВ» ишканасынын башчысы, КР жараны А.В.К. кармалды. УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдагандай, аталган мекемеде мыйзам бузуу фактылары аныкталып, кылмыш иши козголгон. Ишкана жетекчиси  тамак-аш продукциясын даярдоо үчүн эч кандай тиешелүү уруксат берүүчү, медициналык жана миграциялык документтери жок,

Патент алган жеке жактардын салыктык каттоо процесси жеңилдетилди

Патент алган жеке жактардын салыктык каттоо процесси жеңилдетилди

Мамлекеттик салык кызматы патенттин негизинде иштеген салык төлөөчүлөр үчүн салыктык каттоо жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлгөнүн билдирет. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. 29-октябрда Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Салык кызматынын электрондук системасы аркылуу патент алган жеке жак патент берилген учурдан тартып автоматтык түрдө салык органында катталат. Эми

KOPIA долбоору мал чарбасын өнүктүрүүдө кызматташууга даяр

KOPIA долбоору мал чарбасын өнүктүрүүдө кызматташууга даяр

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев Кыргызстандагы KOPIA долбоорунун директору Кванг Сог “Питэр” Чунду кабыл алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууда мал чарбасын туруктуу өнүктүрүү жана инновациялык технологияларды киргизүү багытындагы кызматташтык маселелери каралды. Тараптар, өзгөчө, асыл тукум материалдарын коопсуз жана сапаттуу

Мүлк салыгы автоматташтырылып, пенсионерлерге жеңилдик каралды

Мүлк салыгы автоматташтырылып, пенсионерлерге жеңилдик каралды

Мамлекеттик салык кызматы 29-октябрдагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен КРдин Салык кодексине мүлк салыгы боюнча бир катар өзгөртүүлөр киргизилгенин маалымдайт. Мүлк салыгын автоматтык түрдө эсептөө киргизилгенине байланыштуу салыктарды эсептөө тартиби, алардын ставкалары өзгөртүлдү. Ошондой эле калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге, турак эмес имараттарга, жайларга жана курулуштарга мүлк