Subscribe to Our Newsletter

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Жээнбек Кулубаев Тажикстандын президенти менен жолукту

2024-жылдын 5-февралында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолукту. Бул тууралуу ТИМ билдирди. Жолугушуу учурунда Кулубаев маектешине Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчылары тарабынан жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин, кыргыз-тажик кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрүн

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков
Жээнбек Кулубаев Тажикстандын президенти менен жолукту

2024-жылдын 5-февралында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолукту. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Жолугушуу учурунда Кулубаев маектешине Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчылары тарабынан жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин, кыргыз-тажик кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрүн мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Эл аралык терроризм жана экстремизм коркунучтарына биргелешип каршы турууда кызматташуу, ошондой эле БУУ, КМШ, ЖККУ жана ШКУнун регионалдык жана эл аралык уюмдарынын алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Расмий сапардын алкагында министр тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоил Сомонинин эстелигине гүлчамбар коюп, КРнын делегациясынын коштоосунда Рогун ГЭСинде курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Read More