Бекназар Базаралиев транспорт министринин орун басары болуп дайындалды
![Бекназар Базаралиев транспорт министринин орун басары болуп дайындалды](/content/images/size/w1200/2024/02/426254417_699512945690788_8782018064146794196_n-1.jpg)
Бекназар Базаралиев транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлик билдирди.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Маалыматка ылайык, Базаралиев эмгек жолун 2006-жылы Бишкек-Ош унаа жолунун мамлекеттик дирекциясында катардагы адис болуп баштаган. 2024-жылга чейин министрликке караштуу мекемелерде иштеп, бөлүм башчыдан тарта бир топ жетекчилик кызматтарды аркалаган.
Ал эми ведомство жетекчиси Тилек Текебаев Бекназар Базаралиевдин практикалык иш тажрыйбасын белгилеп, жаңы орунда ийгиликтерди каалады.