Кыргызстан менен Кытай Кашкардагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын чыгарышты

Кыргызстан менен Кытай Кашкардагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын чыгарышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кашгарда КЭР СУАР партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолугушту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жолугушууда минкаб башчысы Кыргызстан-Кытай кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелери боюнча "сааттарды синхрондоштурууга" мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн, Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы ар бир маселе боюнча ар дайым бири бирин колдоого алып жатканын канааттануу менен белгиледи.

Ошондой эле Эркечтам жана Торугарт көзөмөл өткөрүү пунктарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын көрүп жаткан аракеттерине токтолгон Минкаб башчысы Акылбек Жапаров, учурда  7 күн 14 сааттан иштеп жаткан көзөмөл өткөрүү пунктарынын ишин, Кытай Эл Республикасы менен биргеликте, күнү түнү башкача айтканда 24/7 режимине өткөрүүнү максат кылып жатканын билдирди.

Ошондой эле Минкаб башчысы Эркечтам көзөмөл-өткөрүү пунктуна көмүр базасы менен ленталуу конвейерди куруу үчүн жер бөлүнгөнүн айтып, андан ары Бедел жаңы өткөрмө пункттун ачуу жана  «Барскоон-Учтурфан-Аксу» жолунун курулушу боюнча кеп козгоду.

«Биздин мамлекеттердин башчылары Беделди ачуу жана жолду 2024-жылы ишке киргизүү боюнча чоң милдеттерди коюшту. Албетте, «Бедел» өткөрмө пункту өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достуктун тарыхында жаңы этапты ачып, Кытайдан Борбор Азия өлкөлөрүнө жана андан тышкары өлкөлөргө жүк ташуулардын көбөйүшүнө чоң кошумча салым кошоору шексиз» -, деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде КЭР СУАР Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй Акылбек Жапаровдун жумушчу сапар менен Кашгар шаарына келгенине ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн лидерлери тарабынан жетишилген макулдашууларга маани берээрин жана Минкаб башчысынын сунуштарын колдоорун билдирди.

"Бир алкак бир жол" демилгесин ишке ашырууда Синьцзян аймагы чоң роль ойнойт. Анткени биз Кыргызстан менен чектешебиз. Ошондуктан сиздин  сапарыңыз өтө актуалдуу мааниге ээ"-деди Ма Синжуй

Мындан тышкары тараптар жолугушууда Энергетика, жер казынасын пайдалануу, айыл чарба продукциясын экспорттоо электрондук соода жана бондалык зоналар туурасында маселелерди кенен талкуулашты.

Жолугушуунун сонунда Акылбек Жапаров, Ош-Кашгар-Ош авиа каттамын ачуу сунушун киргизип, КЭР СУАР Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен СУАР элдик өкмөтүнүн башчысы Эркин Туниязды иш сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Бүгүн суучулдар Түп булуңунан 1700 метр узундуктагы балык уулоочу эски торлорду чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, суучулдар ӨКМдин "Мөлтүр" кемесине түнөп, көлдү тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Белгиленгендей, Ысык-Көл акыркы 4 жылдан бери таштанды жана балык уулоочу торлордон тазаланууда.

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун жүрүшү талкууланды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун жүрүшү талкууланды

Жыргалаң айылында “Ала-Тоо Резорт” бардык сезондогу тоо-кластери мамлекеттик долбоорун ишке ашыруу маселелери боюнча көчмө жыйын өттү. Жыйын Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиевдин төрагалыгы астында уюштурулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чарага суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев, министрликтин кызматкерлери

Эрлист Акунбеков “Джунда” заводундагы модернизация иштери менен таанышты

Эрлист Акунбеков “Джунда” заводундагы модернизация иштери менен таанышты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кара-Балта шаарындагы “Джунда” Чайна Петроль Компани” жабык акционердик коомуна таандык мунайды кайра иштетүүчү заводуна барып, модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын башчылары, заводдун жетекчилиги жана

Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт

Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы шаарды ысык суу менен камсыздоо үчүн колдонулган жылуулук тармактарындагы оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аяктаганын билдирди. Маалыматка ылайык, 8-майда адистер системаны муздак суу менен этап-этабы менен толтурууну жана ысык суу берүү процессине даярдык иштерин башташат. Ал эми Бишкек ЖЭБи керектөөчүлөргө ысык сууну 9-майдан тарта бере баштайт. Алгач