Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча топографиялык топтордун жолугушуусу өттү

Чынгыз Керимбеков
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча топографиялык топтордун жолугушуусу өттү

2024-жылдын 25-февралынан 3-мартына чейин Баткенде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча КРнын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуулары өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Бул жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын калган тилкелерде өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты жана бул ишти Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантууну чечишти. 

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости