Эльвира Сурабалдиева Бишкектин тургундары менен жолукту

Эльвира Сурабалдиева Бишкектин тургундары менен жолукту

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы М.Ганди, М.Рыскулов, Ю.Фучик, Васильев тракты, Д.Асанов, Республикалык, Жумабек, Завод, Чимкент, Харьков көчөлөрүнүн жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу парламент билдирди.

Жолугушууга борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев баштаган Бишкек мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү да катышты.

Депутат Эльвира Сурабалдиева бул жолугушууда шаар тургундары өз суроолорун Бишкек мэриясынын өкүлдөрүнө берип, жеринде жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин белгиледи.

Борбор калаанын тургундары бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөргө көңүл бурушту. Тактап айтканда, Д.Асанов, Харьков, Завод, Чимкент көчөлөрүн оңдоо жана асфальттоо боюнча суроолорду узатышып, жолдорду оңдоодо тротуарларды да эске алуу керектигин кошумчалашты.

Муну менен катар жергиликтүүлөр Республикалык жана Жеңиш көчөлөрүнүн кесилишиндеги паркты сактап калуу маселесин ортого салышып, бул объекттин айланасындагы 16 жылдан бери уланып келе жаткан талаш-тартыштарга токтолушту. Алардын айтымында, парктын бир бөлүгү үч жаранга, экинчи бөлүгү алты жаранга бөлүнүп, «кызыл китептер» да берилген. Депутат Эльвира Сурабалдиева, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев паркты максаттуу пайдалануу зарылдыгын белгилешти. Мэр маалымдагандай, бул маселе боюнча тиешелүү иштер жүрүүдө.

Андан тышкары, жергиликтүү тургундар районду толук газдаштыруу, Завод көчөсүнүн жашоочуларына «жер мунапысынын» алкагында «кызыл китептерди» берүү, №41 мектептин жанына тротуар куруу жана №26 автобустун каттамын узартуу боюнча көптөгөн көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Депутат Эльвира Сурабалдиева бардык маселелерди өз көзөмөлүнө алып, Бишкек мэриясы жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иш жүргүзөрүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда депутат Эльвира Сурабалдиева Биринчи май районунун тургундарынын жеке суроолорун да укту.

Мындан тышкары окуңуз

"Жылдын мыкты тарбиячысы - 2026" сынагын 4 педагог жеңди

"Жылдын мыкты тарбиячысы - 2026" сынагын 4 педагог жеңди

"Жылдын мыкты тарбиячысы - 2026” республикалык сынагынын 4 номинациясы боюнча жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, бүгүн билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаранын алкагында сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аларга президенттин фондунан 500 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды. Номинациялар боюнча

Ишкер Media
"Ала-Арчада" от жаккан 2 жаранга 15 миң сом айып салынды

"Ала-Арчада" от жаккан 2 жаранга 15 миң сом айып салынды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы "Ала-Арча" жаратылыш паркынын Кайың токойу аймагында рейд өткөрдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, рейд токойлорду өрттөн коргоо максатында уюштурулган. Текшерүүдө токойдо от жагууга тыюу салынганына карабастан, от жаккан жарандар аныкталды. Аларга карата 2 протокол

Ишкер Media
Кыргызстан менен Оман инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Оман инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Оман Султанатынын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия департаментинин башчысы Шейх Аль-Аббас бин Ибрагим Аль-Харти баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди. Маалымдалгандай, жолугушуу ведомстволор аралык форматта өттү. Ага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты. Тараптар кыргыз-

Ишкер Media
Бир жумада 25 миңден ашуун жол эреже бузуу аныкталды

Бир жумада 25 миңден ашуун жол эреже бузуу аныкталды

25-сентябрдан 1-октябрга чейин өлкө аймагында алдын ала маалымат боюнча 25 591 жол эреже бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Анын ичинен: • документсиз айдоо - 4 592; • мас абалында айдоо - 355; • айнекти мыйзамсыз караңгылатуу - 191; • жөө жүргүнчүлөр тарабынан эреже бузуу - 1 325; • транспортту

Ишкер Media