Минкаб башчысы Нарындын бир катар отун-энергетикалык обьектилери менен таанышты

Минкаб башчысы Нарындын бир катар отун-энергетикалык обьектилери менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар отун-энергетикалык объектилерди кыдырды.  Бул тууралуу минкаб билдирди.

Алсак, Жапаров Нарын районундагы Куланак ГЭСинин курулушу менен таанышты.   

Обьектиде 356 га аянтты түзгөн суу сактагычтын нугун тазалоо иштери жүргүзүлүп, гидротехникалык курулуштардын бардык участокторунда жер жумуштарынын көлөмүнүн жарымынан көбү бүткөрүлгөн, гидроэнергетика жана гидромеханикалык жабдуулар менен камсыздоо келишимдери Австриянын жана Түркиянын компаниялары менен түзүлгөн. Куланак ГЭСин 2026-жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалууда.  

Андан ары Акылбек Жапаров Жумгал районундагы Миң-Куш кенинде жайгашкан Ак-Улак күрөң көмүр участкасында жана Жумгал районундагы Кара-Кече күрөң көмүр кенинин борбордук участкасында болду. 

Минкаб башчысы участоктордун абалы, өндүрүш процесси, тоо-кен жана даярдык иштери жана үстүбүздөгү жылдын иш планы менен таанышты. 

Кара-Кече күрөң көмүр кенинин «Борбордук» участкасында Акылбек Жапаровго электрондук кезек жана шлагбаум системасы көрсөтүлдү. 

 Мындан тышкары, Минкаб башчысы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына атайын техника – HOWO маркасындагы 20 самосвал, 2 экскаватор жана 1 бульдозер тапшырды. Өткөн жылдын күз айларынан бери жалпысынан 211 миллион 125 миң сомго атайын техникалар алынган. 

Акылбек Жапаров көмүр кендеринин иши иретке келтирилип, көмүр казуу графикке ылайык жүрүп жатканын баса белгиледи. Жумушчу сапардын жыйынтыгы менен тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Маданият министрлиги "Кыргызстан үчүн 100 идея" жаштар сынагын жарыялады

Маданият министрлиги "Кыргызстан үчүн 100 идея" жаштар сынагын жарыялады

Маданият министрлиги "Кыргызстан үчүн 100 идея" республикалык сынагы башталганын жарыялады. Ага 14 жаштан тартып 35 жашка чейинки өлкөнүн өнүгүшү үчүң инновациялык долбоорлорду сунуштаган жаштар катыша алышат. Сынак 8 номинацияда өтүлөт: * "Илим жана изилдөө" * "IT-сферасы жана креативдүү индустрия" * "Медицина" * Курчаган чөйрөнү коргоо&

Ишкер Media
Ош шаарынын 3026 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Ош шаарынын 3026 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Ахматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык салтанат масштабдуу гала-концерт менен жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, майрамдык иш-чарада шаар мэри Жанарбек Акаев жана шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов тургундарды жана конокторду куттуктады. Алар байыркы Оштун акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык жетишкендиктерин, инфраструктуралык жаңыланууларын жана өнүктүрүү

Ишкер Media
Лебединовка - ГЭС-5 жолунун курулушу 99% аяктады

Лебединовка - ГЭС-5 жолунун курулушу 99% аяктады

Лебединовка - ГЭС-5 автожолу президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулууда. Бүгүнкү күндө курулуш иштери 99%га бүткөрүлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, мурда эки тилкелүү болгон жол төрт тилкеге чейин кеңейтилип, заманбап талаптарга ылайыкташтырылды. Мындан тышкары кошумча тилке да курулду. Жолдун жарыктандыруу системасы кечээтен

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчүрүлөт

2026-жылдын 6-октябрында саат 09:00дөн 02:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. “Бишкексууканал” муниципиалдык ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлагандай, өчүрүүнүн райондору: -        Шабдан Баатыр көчөсү – Бакаев көчөсү – Алтымышев көчөсү – Жунусалиев

Ишкер Media