Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчүрүлөт
2026-жылдын 6-октябрында саат 09:00дөн 02:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
“Бишкексууканал” муниципиалдык ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлагандай, өчүрүүнүн райондору:
- Шабдан Баатыр көчөсү – Бакаев көчөсү – Алтымышев көчөсү – Жунусалиев көчөсү – Гагарин көчөсү –Махатма Ганди көчөсү – Циалковский көчөсү - Т. Фрунзе көчөсү – Өмүр көчөсү – Алыкулов көчөсү – Ахунбаев көчөсү – Көк-Жайык көчөсү – Торугарт көчөсү
- “Жумушчу шаарчасы”
- “Институт Земледелия”
- “Ак-Өргө” конушу
- “Ак-Ордо” конушу (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы)
- “Теңир-Тоо” конушу (Ахунбаев көчөсүнөн төмөн)
Суу берүүнүн убактылуу токтотулушу - “Түштүк-Батыш”, “Гагарин” суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болоору айтылууда.
Ушундан улам, “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурап, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну сунуштады.