Өлүм жазасы: Конституцияга өзгөртүү долбоору коомдук талкууда

Өлүм жазасы: Конституцияга өзгөртүү долбоору коомдук талкууда

Президенттик аппарат балдарга жана аялдарга карата өзгөчө оор кылмыштар үчүн өлүм жазасын белгилөө мүмкүнчүлүгүн караган “КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Түшүндүрмө катта белгиленгендей, мыйзам долбоорунун максаты балдардын жана аялдардын өмүрүн жана ден соолугун кылмыштуу кол салуулардан коргоону күчөтүү болуп саналат.

Балдар жана аялдар Конституцияда мамлекеттин жогорку баалуулуктарына киргизилген, ал эми алардын өмүрү жана жыныстык кол тийбестиги өзгөчө коргоого алынууга тийиш. Мындан тышкары, Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдардын укуктары жөнүндө конвенциясын жана Аялдарга карата зомбулукту жоюу жөнүндө декларацияны камтыган эл аралык келишимдердин катышуучусу болуп саналат, алар өлкөлөрдү аялдарды жана балдарды зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргоого милдеттендирет.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, акыркы жылдары өлкөдө адам өлтүрүү жана зордуктоо фактылары көбөйүүдө:

Адам өлтүрүү:

  • 2021 — 39 (анын ичинен 3 бала, 36 аял);
  • 2024 — 43 (9 бала, 34 аял);
  • 2025-жылдын 8 айы — 28 (7 бала, 21 аял).

Зордуктоо:

  • 2021-жылы — 80 (анын ичинен 68и жашы жете электер);
  • 2023-жылы — 175 (160ы жашы жете электер);
  • 2025-жылдын 8 айында — 81 (62си жашы жете электер).

Авторлор белгилегендей, кылмыштардын олуттуу бөлүгү жашыруун бойдон калууда, анткени жабырлануучулардын үй-бүлөлөрү коомчулукка жарыя болуудан коркушат.

Долбоор менен Конституциянын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:

"Ар бир адамдын жашоого ажыратылгыс укугу бар. Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салууга жол берилбейт. Эч ким өзүм билемдик менен өмүрүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес. Өлүм жазасы мыйзам менен балдарды зордуктаган, зордуктоо менен коштолгон киши өлтүрүү үчүн гана белгилениши мүмкүн".

Ошону менен бирге, Кыргызстанды өлүм жазасын жокко чыгарууга багытталган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга карата Экинчи Факультативдик протоколго кошулган 2010-жылдын 16-мартындагы № 52 мыйзамын күчүн жоготту деп таануу сунушталууда.

Эгерде мыйзам долбоору жалпы элдик референдумда кабыл алынса, Жогорку Кеңешке Кылмыш-жаза, Кылмыш-жаза-процессуалдык жана Кылмыш-жаза-аткаруу кодекстерине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.

Түшүндүрмө катында көрсөтүлгөндөй, документтин кабыл алынышы кошумча мыйзам алдындагы актыларды талап кылбайт.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 8 курулуш долбоору боюнча талкуу өткөрүлдү

Ошто 8 курулуш долбоору боюнча талкуу өткөрүлдү

18-июнда, Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгында кезектеги Архитектуралык шаар куруу кеңешинин жыйыны өткөрүлдү. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Ш. Пайзиев, Ош шаарынын башкы архитектору А. Каныбек уулу, Ош шаардык кеңешинин депутаты Ш. Бакир уулу жана тиешелүү мекеме-

Кыргызстан Ислам корпорациясынын мүчөсү болушу ыктымал

Кыргызстан Ислам корпорациясынын мүчөсү болушу ыктымал

Баку шаарында өтүп жаткан Ислам өнүктүрүү банкы тобунун жылдык жыйынынын алкагында Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов Инвестицияларды жана экспорттук кредиттерди камсыздандыруу боюнча Ислам корпорациясынын башкы директору доктор Халид Халафалла менен жолугушуу өткөрдү. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын Инвестицияларды жана экспорттук кредиттерди камсыздандыруу боюнча Ислам корпорациясынын курамына

Мыйзамсыз шагыл казгандарга айып пул салынды

Мыйзамсыз шагыл казгандарга айып пул салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү жана ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн укук тартиби, коомдук коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Манас шаарына караштуу Кыргызстан айылынын аймагындагы Көк-Арт дарыясында биргелешкен ыкчам рейддик иш-чара өткөрүлдү. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык,

Кыргызстан менен Монголия соода көлөмүн көбөйтүү маселелерин талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода көлөмүн көбөйтүү маселелерин талкуулашты

18-июнда Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча видеоконференция болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдү Кыргызстандын Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов, Монголиянын Экономика жана өнүгүү министрлигинин мамлекеттик катчысы Идэшийн Батхуу жетекчилик кылышты. Жолугушуунун