Кыргызстан Ислам корпорациясынын мүчөсү болушу ыктымал

Кыргызстан Ислам корпорациясынын мүчөсү болушу ыктымал

Баку шаарында өтүп жаткан Ислам өнүктүрүү банкы тобунун жылдык жыйынынын алкагында Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов Инвестицияларды жана экспорттук кредиттерди камсыздандыруу боюнча Ислам корпорациясынын башкы директору доктор Халид Халафалла менен жолугушуу өткөрдү.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын Инвестицияларды жана экспорттук кредиттерди камсыздандыруу боюнча Ислам корпорациясынын курамына кошулуу маселесин талкуулашты. 

Жакынкы аралыкта корпорациянын башкаруучулар кеңешинин жыйыны өтүп, анда Кыргызстандын аталган эл аралык уюмга мүчө болуу боюнча өтүнмөсүн жактыруу маселеси каралары белгиленди.

Жолугушуунун катышуучулары Кыргызстандын корпорацияга кошулуусу инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө жана эл аралык экономикалык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы келечектеги кызматташтыктын алкагындагы өз ара аракеттенүү механизмдерин кеңири талкуулоо жана түшүндүрүү максатында корпорациянын делегациясынын Кыргызстанга сапары күтүлүп жатканы белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Асыл тукум мал өстүргөн фермерлерге 3% менен насыя берилет

Асыл тукум мал өстүргөн фермерлерге 3% менен насыя берилет

Министрлер Кабинети асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган жеңилдетилген каржылоо программасын бекитти. Анын алкагында фермерлер жана тармактагы ишкерлер жылдык 3% үстөк менен 20 млн сомго чейин насыя ала алышат. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жеңилдетилген каржылоо төмөнкү категорияларга берилет: * асыл тукум заводдорго жана фермаларга; * асыл тукум мал импорттоочуларга; * жасалма уруктандыруу

УКМКнын жасалма күбөлүгүн пайдаланып акча талап кылган адам кармалды

УКМКнын жасалма күбөлүгүн пайдаланып акча талап кылган адам кармалды

Бишкекте өзүн укук коргоо органынын кызматкери катары тааныштырып, жарандан акча талап кылууга шектелген адам кармалды. Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, шектүү шектүү жабырлануучуну жоопкерчиликке тартуу менен коркутуп, ай сайын 5 миң доллар берүүнү талап кылган.  Коркутуудан улам жабырлануучу ага 150 миң сом накталай акча берип, дагы 70

Жаңы окуу жылына пайдалуу даярданыңыз - BAKAI карталары менен 5% кешбэк алыңыз

Жаңы окуу жылына пайдалуу даярданыңыз - BAKAI карталары менен 5% кешбэк алыңыз

2026-жылдын 1-августунан 31-августуна чейин BAKAI Visa карталарынын ээлери үчүн лоялдуулук программасынын алкагында атайын сунушту ишке киргизет. Жаңы окуу жылынын алдында кардарлар популярдуу категориялардагы сатып алуулар үчүн 5% чейин кешбэкти акча түрүндө ала алышат. Август айы бою Visa карталарынын ээлери окууга жана кеңсеге керектүү товарларды сатып алууда 5%

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аркасы буздурулууда

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аркасы буздурулууда

Бишкекте Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Тыналиев көчөсүндөгү арканы бузуу иштери башталды. Социалдык тармактарга жарыяланган сүрөттөрдөн жумушчулардын курулушту бузуп жатканын көрүүгө болот. Бишкек шаардык мэриясы бул боюнча расмий маалымат тарата элек. Эске салсак, 11-июнда борбор калаада Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Тыналиев көчөсүн жана андан ары Курчатов көчөсүн бириктире