Айрым чет өлкөлүк маркетплейстердин Кыргызстанда каттоолору жок

Айрым чет өлкөлүк маркетплейстердин Кыргызстанда каттоолору жок

Электрондук соода кылуу рыноктун басымдуу бөлүгүн ээлерин, бирок бардык эле чет өлкөлүк платформалар Кыргызстандын укуктук талаасында иштебесин Антимонополдук кызматтын укуктук камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгынын жетекчиси Нуржан Кадырбекова билдирди. 

Анын айтымында, өлкөдө интернет-дүкөндөрдүн жана маркетплейстердин иштөө эрежесин бекиткен “Электрондук соода кылуу жөнүндө” мыйзамы иштейт. 

“Айрым маркетплейстердин республикабызда өкүлчүлүктөрү бар жана алар жергиликтүү мыйзамдарга баш ийишет. Ошол эле кезде бир нече ири Кытай онлайн-аянтчалары катталган эмес жана керектөөчүлөр алдында эч кандай милдеттеме албайт”,-дейт ал. 

Буга улай Кадырбекова каттоонун жоктугунан улам мамлекетке товардын сапатын, жеткирүү мөөнөтүн жана сын-пикирлерди кароо тартибин  көзөмөлдөө кыйынга турарын кошумчалады. 

“Азыр мамлекеттик органдар онлайн-платформалардын ишин жөнгө салуу механизмин түзүү жана электрондук соодада керектөөчүлөрдүн укугун коргоо үстүндө иштеп жатышат”,-дейт ал.  

Эске салсак, март айында аталган агенттик кытайлык Temu, Pinduoduo, Alibaba маркетплейстери Кыргызстанда катталбаганын билдирген. 

Мындан тышкары окуңуз

Тогуз-Тородо 912 МВт кубаттуулуктагы ГЭСтер каскадын куруу ишке ашырылууда

Тогуз-Тородо 912 МВт кубаттуулуктагы ГЭСтер каскадын куруу ишке ашырылууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 26-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Тогуз-Торо районунда жалпы долбоордук кубаттуулугу 912 МВт болгон Казарман ГЭСтер каскадын куруу долбоору ишке ашырылууда. Маалыматка ылайык, Казарман ГЭСтер каскады

Ишкер Media
Токтогулда 2030-жылга чейин 20 бала бакча жана 9 мектеп куруу пландалууда

Токтогулда 2030-жылга чейин 20 бала бакча жана 9 мектеп куруу пландалууда

Токтогул районунда 2030-жылга чейин 9 мектеп, 20 бала бакча жана 2 оорукана куруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Мындан тышкары, район аймагында 5 фельдшердик-акушердик пункт жана 5 спорт залын куруу каралган. Ошондой эле калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча

Ишкер Media
РФда - майда тыйындарды акчага алмаштыруу, КРда - жыйым топтоо өнөктүгү башталды

РФда - майда тыйындарды акчага алмаштыруу, КРда - жыйым топтоо өнөктүгү башталды

Россияда 26-октябрдан 7-ноябрга чейин "Монета жумалыгы" акциясы өтөт. Ал эми Кыргызстанда 26-октябрдан тартып Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнүнө арналган финансылык сабаттуулук өнөктүгү өткөрүлөт. Эки өлкөнүн аталган ишчаралары, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталат. Россияда майда тыйындарды комиссиясыз алмаштыруу жумалыгы башталды Россиядагы “Монета жумалыгы” акциясынын алкагында жарандар

Ишкер Media
Өлкөдө былтыр автоунаалар менен 62 млн тонна жүк ташылган

Өлкөдө былтыр автоунаалар менен 62 млн тонна жүк ташылган

Кыргызстанда 2025-жылы автоунаа транспорту менен 62 млн тонна жүк (же алардын көлөмүнүн 80 пайыздан ашыгы) ташылган. КРнын Статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, жүк ташуулардын олуттуу бөлүгү (56 пайыздан ашыгы) жеке ишкерлер тарабынан ишке ашырылат. 2025-жылы жүк ташуулардын эң көп көлөмү Бишкек шаарынын, Талас, Чүй облустарындагы чарбалык субъекттерине туура келген.

Ишкер Media