Садыр Жапаров Вашингтондо Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Садыр Жапаров Вашингтондо Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Президент Садыр Жапаров кечээ, Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында Вашингтон шаарында Президент Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Лидерлер эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өнөктөштүктү, анын ичинде саясий чөйрөдө, ошондой эле финансылык технологиялар жана жасалма интеллект жаатында бекемдөө жолдорун талкуулашты. 

Кыргызстан башка мамлекеттерден айырмаланып, мунай жана газ запастарына ээ эмес экенин айткан Мамлекет башчысы өлкөнүн башкы байлыгы – билимдүү жаштар экенин баса белгиледи. Алардын көбү IT-чөйрөсүн активдүү өздөштүрүп жатышат.

Ошондой эле каржы технологиялары жаатындагы кызматташтыкка көңүл буруп, АКШнын Президенти Дональд Трамп тарабынан кабыл алынган, дүйнөдөгү эң алдыңкы жана прогрессивдүү мыйзамдардын бири болуп эсептелген стейблкоиндерди жөнгө салуучу Genius Act мыйзамын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда санариптик каржы инструменттерин киргизүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, анын ичинде улуттук стейблкоин - KGST ишке киргизүү жана мамлекеттик крипторезервди түзүү боюнча иштер тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде Дональд Трамп Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, эки жактуу мамилелердин ырааттуу өнүгүп жатканын белгиледи. 

АКШнын Президенти ошондой эле жогорку деңгээлдеги конструктивдүү диалог эки өлкө элинин туруктуу өнүгүүсүн, коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыздоого багытталган өз ара аракеттенүүнү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

27-октябрда Улуттук банктын төрагасы А. Бакетаев микрофинансылык уюмдардын жетекчилери, "Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы" жана "Кыргызстан банктарынын союзу" бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди. Маалымдалгандай, жолугушууда микрофинансы секторунун учурдагы абалы, көйгөйлөрү жана аны өнүктүрүү маселелери талкууланды. Сектордун өкүлдөрү финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын

Ишкер Media
Ошто мыйзамсыз курулуш токтотулду

Ошто мыйзамсыз курулуш токтотулду

Бүгүн Ош шаарындагы К. Абдыразаков көчөсүнүн Б. Нурматов көчөсү менен кесилишкен жеринде мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери токтотулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Текшерүү учурунда курулуштун тиешелүү муниципалдык жана мамлекеттик органдардын эч кандай уруксат берүүчү документи жок жүргүзүлүп жатканы аныкталган. Шаардык мэрия билдиргендей, шаардын башкы планына ылайык бул аймак жашылдандыруу зонасы

Ишкер Media
Өлкө башчысы Садыр Жапаров Түркияга иш сапар менен барат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Түркияга иш сапар менен барат

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 29–30-октябрда Түркиянын Анкара шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, өлкө лидери Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышат. Саммитте аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланат. Жыйынтыгында

Ишкер Media
Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстанда жугуштуу оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөл системасын чыңдоо боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Билдирүүгө ылайык, 2026-жылы АКШ өкмөтү каржылаган EpiC долбоорунун колдоосу менен өлкөнүн 49 районунан 275 адис I-EPID электрондук эпидемиологиялык көзөмөл системасын колдонуу боюнча окуудан өттү. Мындан тышкары, кара тумоо, күйдүргү,

Ишкер Media