С.Жапаров: "Кыргызстанда электр энергиясы башка өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу кыйла арзан"

С.Жапаров: "Кыргызстанда электр энергиясы башка өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу кыйла арзан"

Президент Садыр Жапаров жуманын аягында   электр энергиясы, тышкы жана ички карыз,айдоочулук күбөлүк маселелери боюнча элге кайрылуу жасады. Анда өлкө башчы элди электр энергиясын үнөмдөп пайдаланууга чакырды. 

“Ар бир күйүп турган 100 ваттык лампочка бир саат тынымсыз күйсө, Токтогул ГЭСинен 270 литр суу кетип жатат деп билиңиздер. Ошондуктан түнкүсүн баарын өчүрүп жатууну унутпаңыздар. Мен Европада 4 жыл жашадым. Ашыкча бир мүнөт дагы свет колдонушпайт. Дароо өчүрүшөт. Анткени ал жакта свет кымбат”-, дейт президент. 

Буга улай ал Германияда кышкы мезгилде бир киловатт/саат электр энергиясы 50 сомдой турарын, ал эми Өзбекстанда жаран айына миң кВт/саат колдонсо биздин сом менен 3 сом 60 тыйындан төлөрүн жана канчалык көп электр энергиясы көп колдонулса  ошончолуктарифи да жогору болорун баса белгилеген. 
“Казакстандын Алматы шарында минималдуу электр энергияга болгон тариф сом менен 5 сомдон 8 сомго чейин. Бизде Кыргызстанда болгону 1 сом 37 тыйын. Албетте, ал жактарда эмгек акы жогору дешиңиздер мүмкүн. Ошол жогорку эмгек акылар жана ал жактарда жашоого болгон баалар менен салыштырып көрсөк, ошондо деле бизде свет эң арзан болуп чыкты”-деп кошумчалады элге кайрылуусунда С.Жапаров. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстанда жугуштуу оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөл системасын чыңдоо боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Билдирүүгө ылайык, 2026-жылы АКШ өкмөтү каржылаган EpiC долбоорунун колдоосу менен өлкөнүн 49 районунан 275 адис I-EPID электрондук эпидемиологиялык көзөмөл системасын колдонуу боюнча окуудан өттү. Мындан тышкары, кара тумоо, күйдүргү,

Ишкер Media
Ала-Букада чек арачыларга 31 миллион сомго турак үй курулду

Ала-Букада чек арачыларга 31 миллион сомго турак үй курулду

26-октябрда Ала-Бука районунун Ызар айылында "Баймак - автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматчылары үчүн курулган жаңы турак үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ала-Бука Райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Ачылыш аземине Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Мирзамир Сыдыков, район акими Темирболот Абыкеев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү

Ишкер Media
Караколдо 530 ипотекалык батир ноябрда бүтөт

Караколдо 530 ипотекалык батир ноябрда бүтөт

Каракол шаарындагы "Хан-Теңири" турак жай комплексинин экинчи этабынын алкагында курулуп жаткан 530 батир ноябрь айында бүткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда 530 батирден турган 6 турак жай блогунун курулушу аяктоо алдында турат. Туманбаев

Ишкер Media
Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткен облусунда "Жаштардын достук көпүрөсү: тынчтык, ынтымак жана кызматташтык" аталышындагы эл аралык жаштар форуму өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чара жаш кол өнөрчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен башталды. Форумдун расмий бөлүгү Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында өттү. Ага Кыргызстандын,

Ишкер Media