С.Жапаров: "Мамлекеттин жардамы менен 55 студент дүйнөнүн 38 алдыңкы ЖОЖдорунда окуп жатат"

С.Жапаров: "Мамлекеттин жардамы менен 55 студент дүйнөнүн 38 алдыңкы ЖОЖдорунда окуп жатат"

Бүгүн президент Садыр Жапаров “Кыялымдагы Кыргызстан” улуттук жаштар форумуна катышып, мамлекет билим берүү системасын заман талабына ылайык кылуу үчүн бардык аракетти көрүп жатканын билдирди. 

“Биз “Эл үмүтү” долбоорунун алкагында 2022-жылдан тарта магистранттарга дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде билим алууга көмөк көрсөтүп келе жатканыбызды жакшы билесиңер. Бүгүнкү күндө Президенттик фонддон 55 студент Оксфорд, Гарвард, Кембридж сыяктуу дүйнөнүн эң мыкты ЖОЖдору кирген дүйнөнүн 100 окуу жайынын 38инде билим алышып, тиешелүү академиялык даражаларды алып жатышат. Мамлекет бул үчүн 265 миллионго жакын сом бөлгөн”,-дейт ал. 

Буга улай Президент учурда долбоордун 7 бүтүрүүчүсү өлкө ичинде – илимде, билим берүү жана мамлекеттик кызматта, 12си эл аралык компанияларда иштеп жатышканын баса белгиледи. 

“Мындан сырткары биздин Москвадагы Щепкин атындагы жогорку  театралдык окуу жайына 2021-жылы жиберилген 22 студентибиз окуусун аяктап Мекенине кайтышты. Алар Ош улуттук драма театрына кабыл алынып, ар бирине жаңы салынган үйдөн батир берилди”,-дейт өлкө башчы.    

 

  

 



Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

9-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле ишкерлер ортосундагы байланышты

Ишкер Media