Президент ашыкча текшерүүлөрдү сынга алды

Президент ашыкча текшерүүлөрдү сынга алды

Президент Садыр Жапаров социалдык баракчасы аркылуу Бишкек, Ош мэрлерине сын айтты. Кайрылууда өлкө башчы электр энергиясын электр энергиясын үнөмдөө жана тынчтык мыйзамын камсыздоо тапшырмасын эки мэр “Бөрк ал десе — баш алгандай” ашырып жибергенин айткан. 

“Биз спирт ичимдиктерин ичип алып ызы-чуу салгандар чогулган түнкү клубдарды, ошондой эле түн бир оокумга чейин созулуп, 200дөн 800гө чейин киши чогулган тойканаларды иреттеп, мыйзамдын чегинде көзөмөлдөөнү тапшырганбыз. Ал эми силер болсо тамактануучу кафелерди, KFC сыяктуу тез татым жайларын да жаап, тынч отурган элди кубалап чыгарууга чейин барыпсыңар. Рейд маалында бизнес ээлерине орой мамиле жасап, жарыгын өчүрүп, суусун токтотууга тапшырма берипсиңер”,-деген президент баракчасында. 

Буга улай С.Жапаров электр энергиясын үнөмдөөнү - биринчи кезекте кайдыгер жетекчилерден, түнү бою жарыгын күйгүзүп таштап кеткен мамлекеттик ишканалардын имараттарынан баштоо керек экенин жазган. Ошондой эле ал тынч иштеп жаткан кичи жайлардын тынчын албоону эскерткен. 

Эске салсак, кечээ айрым жетекчилер милиция кызматкерлеринин коштоосунда кафе-ресторан, клубдарды текшеришип, алардын жарыктарын өчүрүп, мекемелерди жабууну талап кылышкан.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media