Президент: Энергетика тармагынын 137 млрд сом карызынын 112 млрд сому жабылды

Президент: Энергетика тармагынын 137 млрд сом карызынын 112 млрд сому жабылды

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн энергетика тармагы 2020-жылга чейин оор абалда болгонун, карыздын көлөмү өскөнүн жана ошол кездеги башкаруулар маселени терең кризиске алып келгенин айтты. Бул тууралуу ал “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Өлкө башчысы билдиргендей, энергетика тармагындагы карыз жүгү жылдар өткөн сайын олуттуу өсүп келген. Эгер 1990–2010-жылдар аралыгында Энергетика министрлигинин жалпы карызы 13,6 млрд сом болсо, 2010–2020-жылдарда бул көрсөткүч кескин жогорулап, ондогон эсе көбөйгөн.

Андан ары президент төмөнкүдөй сандык маалыматтарды мисал келтирди:

“1990-жылдан 2010-жылга чейин 20 жылда 13,6 миллиард сом карыз болсо, 2010дон 2020-жылга чейин 10 эле жылда 123 миллиард сом карыз үстүнө кошулуп жатат. Жалпысынан 2020-жылдын октябрь окуясына чейин министрликтин карызы 137 миллиард сом, же 1,5 миллиард долларга жеткен. Бул сөз сазга тизесине эмес, кекиртегине да эмес, чекесине чейин батырган деген сөз. Энергосистемабыз банкрот болуп калган”.

Ал энергетика тармагы кызматкерлерине банктан үстөгү менен насыя алып айлык төлөп келүү 2010–2020-жылдардагы абалдын мисалы экенин да айтты.

Президент белгилеген маалыматка ылайык, ошол жылдары РСК 201 млн сом насыяны үстөгү менен алып, кызматкерлердин эмгек акысын жапкан учурлар болгон.

“2021-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин айлык төлөө үчүн банктан 1 тыйын алган жокпуз”, — деди ал.

Садыр Жапаров энергетикадагы абалды жакшыртуу боюнча көрсөткүчтөрдү да атады:

  • 137 млрд сом карыздын 112 млрд сому жабылды,
  • Калган 25 млрд сом 2026-жыл ичинде толук жабылары күтүлүүдө,
  • 2027-жылдан тартып энергосистема биринчи жолу кирешеге чыга баштайт.

Мамлекет башчысы 2020-жылга чейин тармакта коррупция жана ар кандай “схемалар” болгонун, алар азыр толугу менен жоюлганын билдирди:

“Схемалардын баары талкаланды. Ошон үчүн энергокомпаниялар бат темп менен карыздарын жаап жатат”, — деди президент.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Каспий деңизинде аскердик машыгуу учурунда каза болгон 14 аскер кызматкерин каза болгондон кийин мамлекеттик сыйлык менен сыйлады. Аларга Бауыржан Момышулы атындагы "Айбын" орденинин II даражасы ыйгарылды. Мындан тышкары, окуядан аман калган үч аскер кызматкери да мамлекеттик сыйлыкка татыды. Эске салсак, каргашалуу окуя 24-

Ишкер Media
Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Министрликтерде жана мекемелерде коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КРнын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 100гө жакын айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкерлер ортомчулар менен алдын ала сүйлөшүп алып,

Ишкер Media
Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

26-сентябрда Японияда өтүп жаткан ХХ Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргогон сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Спортсмендерди “Манас” Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев жана

Ишкер Media
Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media