Касымалиев: Кыргызстан динамикалуу өнүгүп жаткан өлкө катары Борбор Азиянын илбирсине айланат

Касымалиев: Кыргызстан динамикалуу өнүгүп жаткан  өлкө катары Борбор Азиянын илбирсине айланат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев БАЭК алкагындагы Кыргызстандын аймактык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү боюнча бизнес-форумга катышты. Иш-чарага Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канда да келишти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Форумда Касымалиев өлкөнүн акыркы жылдардагы экономикалык жогорку көрсөткүчтөрүн белгиледи. Анын айтымында, экономика төрт жылдан бери 9 %дан жогору темпте өсүп, 2025-жылдын 10 айында ИДП 10 %га жетти. 2024-жылы ИДПнын номиналдык көлөмү 1,5 трлн сомдон ашып, 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйдү.

Эл аралык валюта фондунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2024-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди. Өсүштүн негизги факторлору – курулуш, өнөр жай, тейлөө тармагы, инвестициялар жана масштабдуу инфраструктуралык долбоорлор.

2025-жылдын алгачкы жарымында 159 миң жаңы жумуш орун түзүлүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,9 эсеге көп. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү да 10 айда 18,9 %га өстү. Быйыл Кыргызстандын кредиттик рейтинги «B+» деңгээлине көтөрүлгөнү экономикалык туруктуулуктун көрсөткүчү экени айтылды.

Касымалиев өнөктөштөргө, анын ичинде Азия өнүктүрүү банкы менен БАЭК программасына колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча Улуттук программада адамга багытталган өсүү модели негизги багыт экенин кошумчалады.

Ал Кыргызстан стратегиялык жайгашуусу, жаш калкы, табигый ресурстары жана либералдуу экономикасы менен инвесторлор үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгилеп, өлкөнү "Борбор Азиянын илбирси" деп атады.

"Келгиле, биргелешип динамикалуу, туруктуу жана гүлдөгөн келечекти куралы", - деп сөзүн жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.

Мындан тышкары окуңуз

ЖК салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды

ЖК салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү бир катар мыйзам долбоорлору бириктирилип, экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алынды. Бул боюнча Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев маалымат берди. Анын айтымында мыйзам долбоорлору жеке жактардын салыктык жүгүн азайтууга, салык төлөгөндөн кийин алардын карамагында кала

Ишкер Media
"Эко Оператор" ишканасы 9 айда утилдештирүү жыйымынан 342 млн сом чогултту

"Эко Оператор" ишканасы 9 айда утилдештирүү жыйымынан 342 млн сом чогултту

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" мамлекеттик ишканасы 2026-жылдын 9 айында утилдештирүү жыйымынан 342 млн 417,2 миң сом чогултту. Министрликтен маалымдалгандай, 2025-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу утилдештирүү жыйымынан түшкөн каражаттын көлөмү 214 млн 411,3 миң сомго көбөйгөн. Төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү, төлөмдөрдүн

Ишкер Media
Жогорку Кеңеште пахтанын арзандыгы жана аны экспорттоо көйгөйү көтөрүлдү

Жогорку Кеңеште пахтанын арзандыгы жана аны экспорттоо көйгөйү көтөрүлдү

Кыргызстанда пахтанын баасы өздүк наркынан да төмөн болуп, дыйкандар аны экспорттоодо кыйынчылыктарга туш болууда. Бул маселени бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев көтөрүп чыкты. Ал Ош облусунун Кара-Суу районундагы пахта өстүргөн дыйкандардын көйгөйүнө токтолуп, пахтанын сатуу баасы аны өндүрүүгө кеткен чыгымдан да төмөн болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында

Ишкер Media
Гүлчөдө 3,7 чакырым жолду оңдоо иштери 75 пайызга аяктады

Гүлчөдө 3,7 чакырым жолду оңдоо иштери 75 пайызга аяктады

Ош облусунун Гүлчө шаарындагы Алымбек датка көчөсүндө жол оңдоо иштеринин 75 % аяктады. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 3,7 чакырымды түзгөн жолдун 2,7 чакырымына асфальттын биринчи катмары, ал эми 750 метрине экинчи катмары төшөлдү. Калган 2 чакырымга асфальт төшөө иштери жакынкы 2-3 күндө

Ишкер Media