Гүлчөдө 3,7 чакырым жолду оңдоо иштери 75 пайызга аяктады

Гүлчөдө 3,7 чакырым жолду оңдоо иштери 75 пайызга аяктады

Ош облусунун Гүлчө шаарындагы Алымбек датка көчөсүндө жол оңдоо иштеринин 75 % аяктады. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 3,7 чакырымды түзгөн жолдун 2,7 чакырымына асфальттын биринчи катмары, ал эми 750 метрине экинчи катмары төшөлдү. Калган 2 чакырымга асфальт төшөө иштери жакынкы 2-3 күндө аяктары күтүлүүдө.

Ошондой эле жолдун 1 чакырым саздак тилкесинде атайын материалдар төшөлүп, таш менен толтуруу жана тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, жол жээктерине бордюрларды жана суу өткөрүүчү лотокторду орнотуу иштери уланууда. Эскирген суу түтүктөрү толугу менен жаңыларына алмаштырылды.

Учурда калган иштерди белгиленген мөөнөттө аяктоо боюнча жумуштар жүрүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

2027-жылы республикалык бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашат

Аңчылыктын аякташына 1 айга жетпеген убакыт калды

Депутаттар Кочкордогу чокуга Ормон хандын ысымын ыйгарууну жактырышты

Өкмөт башчы Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынына катышты

Нарында селден коргоо үчүн дамбалар курулду