Жогорку Кеңеште пахтанын арзандыгы жана аны экспорттоо көйгөйү көтөрүлдү
Кыргызстанда пахтанын баасы өздүк наркынан да төмөн болуп, дыйкандар аны экспорттоодо кыйынчылыктарга туш болууда. Бул маселени бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев көтөрүп чыкты.
Ал Ош облусунун Кара-Суу районундагы пахта өстүргөн дыйкандардын көйгөйүнө токтолуп, пахтанын сатуу баасы аны өндүрүүгө кеткен чыгымдан да төмөн болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында азыр терип жыйноо кызуу журуп жатаь, бирок жыйымдын жыйынтыгы дыйкандардын эмгегин актабай калчыдай.
Андыктан Айыл чарба министрлиги ортомчуларсыз түз кабыл алууга шарт түзүп, тез арада чара көрүшүн суранды.
Депутат Айгүл Ахмедова дагы пахтаны чет өлкөлөргө сатууда кыйынчылыктар жаралып жатканын белгилеп, өлкө ичинде пахтаны кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө чакырды.