Бакыт Төрөбаев: Өлкө 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине толук даяр

Бакыт Төрөбаев: Өлкө 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине толук даяр

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев өлкөнүн экономика тармактары жана калкы 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине толук даяр экенин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Республикалык даярдыкка ылайык, көмүрдүн жалпы запасы 3 174,792 миң тонна болушу керек. Бюджеттик мекемелер үчүн 203,54 миң тонна (89%), калкка 994,69 миң тонна (96,6%) көмүр камсыздалды. Социалдык көмүр сатуу үчүн 144 база иштеп жатат.

Гидроэнергетика тармагында: Таш-Көмүр жана Камбар-Ата-2 ГЭСтеринде бирден гидроагрегат капиталдык оңдоодон өттү; Күрп-Сай жана Шамалды-Сай ГЭСтеринде оңдоо иштери жүргүзүлдү; Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 МВттан 1440 МВтка көбөйдү; Үч-Коргон ГЭСинде 4 гидроагрегат иштеп, анын 2өө жаңыланды (18 МВтка өсүү).

Жылуулук электр борборлорунда пландуу оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлдү. Электр тармактарында 1320,9 км жогорку чыңалуудагы линиялар, 3076,7 км төмөнкү чыңалуудагы линиялар оңдодон өттү; 50,5 МВА кубаттуулуктагы 4 трансформатор жана 3 292 көмөк чордон оңдолду; курулуш жана реконструкция иштери 100%дан ашык аткарылды.

Бишкек ЖЭБинде 280 миң тонна көмүр жана 4,2 миң тонна мазут бар (былтыр 242 миң тонна), Ош ЖЭБине 20,8 миң тонна мазут жеткирилди (былтыр 12,9 миң тонна). Жаратылыш газы боюнча 2025-жылы 100 км газ куурлары курулуп, 13 530 жаңы керектөөчү кошулду; жыл аягына чейин Бишкек жана Чүй облусунун аймактарына газ берилет.

Күйүүчү-майлоочу майдын кору республиканын бардык нефтебазаларында туруктуу. Министрлер Кабинети мунай продуктуларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн Казакстан, Беларусь жана Азербайжан менен сүйлөшүүлөр жүргүзүп, ички рынокту толтуруу иштерин улантууда.

Мамлекеттик жана муниципалдык органдар калкка, социалдык объекттерге көмүрдүн, күйүүчү-майлоочу майдын жеткиликтүүлүгүн, жылуулук жана электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыздоону көзөмөлдөп, пландын аткарылышын камсыз кылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media