Кыргызстан менен Кытай стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтет

Кыргызстан менен Кытай стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтет

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-ноябрда, Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү жана Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды.

Жолугушуда эки тарап саясий диалогду бекемдөө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчысы кыргыз-кытай мамилелери бүгүн тарыхый жогорку деңгээлге жеткенин белгилеп, Ван Инин ар бир сапары кошумча мазмун жана жаңы дем берүүдө экенин айтты.

Президент өзгөчө практикалык кызматташтыкка токтолуп, темир жана авто жолдорду куруу, жаңы авиакаттамдарды ачуу жана бир катар тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанисин баса белгиледи. Ошондой эле ШКУ жана "Борбор Азия – Кытай" форматындагы көп тараптуу алакалардын динамикалуу өнүгүп жатканын айтты.

Ван И өз кезегинде КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин жылуу саламын жеткирди жана Кыргызстан соңку жылдары олуттуу жетишкендиктерге жеткенин белгиледи. Ал Кытай кошуна жана ишенимдүү өнөктөш катары муну кубаттай турганын айтып, эки мамлекет башчыларынын макулдашууларын ишке ашырууга толук даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров Си Цзиньпинге саламын жолдоп, Ван Иге ишинде ийгиликтерди каалады.

Мындан тышкары окуңуз

Гүлчөдө 3,7 чакырым жолду оңдоо иштери 75 пайызга аяктады

Гүлчөдө 3,7 чакырым жолду оңдоо иштери 75 пайызга аяктады

Ош облусунун Гүлчө шаарындагы Алымбек датка көчөсүндө жол оңдоо иштеринин 75 % аяктады. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 3,7 чакырымды түзгөн жолдун 2,7 чакырымына асфальттын биринчи катмары, ал эми 750 метрине экинчи катмары төшөлдү. Калган 2 чакырымга асфальт төшөө иштери жакынкы 2-3 күндө

Ишкер Media
Кыргызстандын Казакстанга экспорту 8 айда дээрлик 14% көбөйдү

Кыргызстандын Казакстанга экспорту 8 айда дээрлик 14% көбөйдү

Бүгүн Соода-өнөр жай палатасы Бишкекте Кыргыз-Казак ишкерлер кеңешинин кеңейтилген жыйыны өтүп, ага эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышканын билдирди. КРнын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев өз сөзүндө соода-экономикалык кызматташтыктын өсүшүнө карабастан, чек арадагы көйгөйлөр ишкерлерге олуттуу тоскоолдук жаратып жатканын билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы эки

Ишкер Media
ИИМ акысыз интернет сунуштаган алдамчылардан сак болууну эскертти

ИИМ акысыз интернет сунуштаган алдамчылардан сак болууну эскертти

Ички иштер министрлиги жарандарды акысыз спутниктик интернетке туташтыруу шылтоосу менен жасалышы мүмкүн болгон алдамчылык аракеттерден сак болууга чакырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, алдамчылар WhatsApp аркылуу спутниктик интернет сыноо иретинде ишке киргизилгени тууралуу жалган билдирүүлөрдү таратып, акысыз туташууну жана интернеттин ылдамдыгын жогорулатууну сунушташууда. Андан соң интернетти

Ишкер Media
Бишкектен Токмок, Кант, Кара-Балтага туруктуу автобус каттамдарын киргизүү сунушталды

Бишкектен Токмок, Кант, Кара-Балтага туруктуу автобус каттамдарын киргизүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Бишкектен Чүй облусунун шаарларына жана калктуу конуштарына туруктуу автобус каттамдарын уюштурууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-октябрда, парламенттин жыйынында билдирди. Депутаттын айтымында, Токмок, Кант, Кемин, Сокулук жана Кара-Балтадан Бишкекке каттаган тургундар эртең менен жана кечинде транспорт жетишсиздигинен кыйналып жатышат. “Жарандар кайрылып жатышат. Кечки

Ишкер Media