Кыргызстандын Казакстанга экспорту 8 айда дээрлик 14% көбөйдү
Бүгүн Соода-өнөр жай палатасы Бишкекте Кыргыз-Казак ишкерлер кеңешинин кеңейтилген жыйыны өтүп, ага эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышканын билдирди.
КРнын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев өз сөзүндө соода-экономикалык кызматташтыктын өсүшүнө карабастан, чек арадагы көйгөйлөр ишкерлерге олуттуу тоскоолдук жаратып жатканын билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 63% өсүп, 2,4 млрд долларга жеткен. 2026-жылдын сегиз айында Кыргызстандын Казакстанга экспорту дээрлик 14% көбөйгөн. Бирок чек арадагы абал дагы эле курч бойдон калууда. Жүздөгөн кыргызстандык жүк ташуучу унаалар Казакстандын аймагына өтө албай, узак убакыт кезек күтүүгө мажбур. Мунун айынан товарлар бузулуп, жеткирүү мөөнөттөрү үзгүлтүккө учурап, ишкерлер чыгымга учуроодо.
Темир Сариев Ысык-Көлгө эс алууга келген туристтердин да чек арадан өтүүдө кыйынчылыктарга туш болгонун белгиледи. Мындай тоскоолдуктар туризмдин өнүгүшүнө да терс таасирин тийгизүүдө.
"Атамекен" палатасына ишкерлердин кайрылууларын биргелешип чогултуп, өкмөттөрүбүзгө макулдашылган сунуштарды киргизүүнү сунуштайм. Чек ара боордош элди бөлбөй, бириктириши керек", — деди Темир Сариев.
Ал эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан сегиз өткөрмө пунктун модернизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди колдоп, бизнес бул аракеттердин натыйжасын күтүп жатканын белгиледи.
Мындан тышкары, Темир Сариев казакстандык өнөктөштөргө "Ишкананын санариптик паспорту" демилгесин ишке ашырууну жана жаңы өндүрүштөр менен жумуш орундарын түзүүгө багытталган биргелешкен долбоорлордун портфелин калыптандырууну сунуштады.
Маалыматка караганда, кеңеште өнөр жай кооперациясы, транспорт, логистика, айыл чарба жана туризм тармактарындагы кызматташтык талкууланып, ишкерлер үчүн B2B сүйлөшүүлөрү каралды.
Темир Сариев Кыргызстан менен Казакстанды жалпы тарых, маданият жана боордоштук мамилелер бириктирерин белгилеп, чек ара эки элдин соодасына жана каттамына тоскоолдук эмес, кызматташтыкка жол ачышы керектигин баса белгиледи.