ИИМ акысыз интернет сунуштаган алдамчылардан сак болууну эскертти

ИИМ акысыз интернет сунуштаган алдамчылардан сак болууну эскертти

Ички иштер министрлиги жарандарды акысыз спутниктик интернетке туташтыруу шылтоосу менен жасалышы мүмкүн болгон алдамчылык аракеттерден сак болууга чакырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, алдамчылар WhatsApp аркылуу спутниктик интернет сыноо иретинде ишке киргизилгени тууралуу жалган билдирүүлөрдү таратып, акысыз туташууну жана интернеттин ылдамдыгын жогорулатууну сунушташууда.

Андан соң интернетти жөндөө шылтоосу менен зыяндуу программалар камтылган APK-файлдарды жөнөтүшөт. Мындай файлдарды орнотуу жеке маалыматтардын уурдалышына, банктык тиркемелерге жана аккаунттарга уруксатсыз кирүүгө алып келиши мүмкүн.

ИИМ жарандарды белгисиз адамдар жөнөткөн файлдарды орнотпоого, шектүү шилтемелерге кирбөөгө жана жаңы кызматтар тууралуу маалыматты расмий булактардан гана тактоого чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңеште пахтанын арзандыгы жана аны экспорттоо көйгөйү көтөрүлдү

Жогорку Кеңеште пахтанын арзандыгы жана аны экспорттоо көйгөйү көтөрүлдү

Кыргызстанда пахтанын баасы өздүк наркынан да төмөн болуп, дыйкандар аны экспорттоодо кыйынчылыктарга туш болууда. Бул маселени бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев көтөрүп чыкты. Ал Ош облусунун Кара-Суу районундагы пахта өстүргөн дыйкандардын көйгөйүнө токтолуп, пахтанын сатуу баасы аны өндүрүүгө кеткен чыгымдан да төмөн болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында

Ишкер Media
Гүлчөдө 3,7 чакырым жолду оңдоо иштери 75 пайызга аяктады

Гүлчөдө 3,7 чакырым жолду оңдоо иштери 75 пайызга аяктады

Ош облусунун Гүлчө шаарындагы Алымбек датка көчөсүндө жол оңдоо иштеринин 75 % аяктады. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 3,7 чакырымды түзгөн жолдун 2,7 чакырымына асфальттын биринчи катмары, ал эми 750 метрине экинчи катмары төшөлдү. Калган 2 чакырымга асфальт төшөө иштери жакынкы 2-3 күндө

Ишкер Media
Кыргызстандын Казакстанга экспорту 8 айда дээрлик 14% көбөйдү

Кыргызстандын Казакстанга экспорту 8 айда дээрлик 14% көбөйдү

Бүгүн Соода-өнөр жай палатасы Бишкекте Кыргыз-Казак ишкерлер кеңешинин кеңейтилген жыйыны өтүп, ага эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышканын билдирди. КРнын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев өз сөзүндө соода-экономикалык кызматташтыктын өсүшүнө карабастан, чек арадагы көйгөйлөр ишкерлерге олуттуу тоскоолдук жаратып жатканын билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы эки

Ишкер Media
Бишкектен Токмок, Кант, Кара-Балтага туруктуу автобус каттамдарын киргизүү сунушталды

Бишкектен Токмок, Кант, Кара-Балтага туруктуу автобус каттамдарын киргизүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Бишкектен Чүй облусунун шаарларына жана калктуу конуштарына туруктуу автобус каттамдарын уюштурууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-октябрда, парламенттин жыйынында билдирди. Депутаттын айтымында, Токмок, Кант, Кемин, Сокулук жана Кара-Балтадан Бишкекке каттаган тургундар эртең менен жана кечинде транспорт жетишсиздигинен кыйналып жатышат. “Жарандар кайрылып жатышат. Кечки

Ишкер Media