Садыр Жапаров: Россия – Кыргызстандын бирден бир ири соода-экономикалык өнөктөшү

Садыр Жапаров: Россия – Кыргызстандын бирден бир ири соода-экономикалык  өнөктөшү

Президент Садыр Жапаров “Ынтымак Ордодогу” кеңейтилген жыйында Россия Кыргызстандын буга чейин стратегиялык союздашы, ишенимдүү өнөктөшү жана ак ниеттүү досу болуп келгенин жана мындан ары да боло берерин билдирди.

Өлкө башчынын айтымында, ондогон жылдар бою эки эл биримдикти жана бири-бирине болгон туугандык колдоолорду ачык көрсөтүп келе жатат.

“Биз дайыма бир тууган Россия менен болгон бекем, көп тараптуу мамилелерди жогору баалайбыз. Динамикалык геосаясий жана татаал экономикалык кырдаалга карабай Россия жогорку ыңгайлуулукту жана туруктуулукту көрсөтүп келе жатат. Мында биз лидер катары сиздин эмгегиңизди көрүп турабыз. Бул сыпайычылык эмес, а сиздин эл аралык саясаттагы ролуңузду таануу”,-деди өлкө башчы.

Буга улай С.Жапаров Кыргызстан өзүнүн күнүмдүк турмушунда бардык багытттар, айрыкча энергетика жана азык-түлүк багытында колдоону сезип жатканын баса белгиледи. Ошондой эле өлкө башчы Россия Кыргызстандын бирден бир ири соода-экономикалык өнөктөшү болуп каларын, а ЕАЭБ алкагында кооперациялар, инновациялар жана инвестициялар үчүн жаңы горизонттторду ачарын кошумчалады.

Президент С.Жапаров Россия инфраструктуралык, энергетикалык, өнөр жайдык жана гуманитардык демилгелерди колдоп жатканын да айтып өттү. Анын айтымында, 2025-жылы Кыргызстандагы россиялык компаниялар 1800ге жетип, бир нече жыл мурункуга салыштырмалуу 3 эсеге көбөйгөнүн билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Жибек-Жолундагы канализациялык коллектор жаңыланып, жол кыймылы ачылды

Жибек-Жолундагы канализациялык коллектор жаңыланып, жол кыймылы ачылды

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, иштер "Жибек-Жолу проспектисиндеги Турусбеков көчөсүнөн Кулиев көчөсүнө чейинки канализациялык коллекторду капиталдык оңдоо" долбоорунун алкагында жүргүзүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, долбоордун жүрүшүндө канализациялык коллектордун диаметри 300 миллиметрден 600 миллиметрге чейин кеңейтилип, жаңы тармак Кулиев көчөсүндөгү шаардык канализациялык коллекторго кошулду. Жалпысынан 1 243 метр

Президент жарандык берүү жана жарандыктан чыгуу боюнча жарлыктарга кол койду

Президент жарандык берүү жана жарандыктан чыгуу боюнча жарлыктарга кол койду

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, жарандыктан чыгуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, жарандык алган адамдардын арасында тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар басымдуулук кылат. Ошондой эле мурда Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, учурда

Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек шаарында 64 инфраструктуралык объектти ишке ашырууга 611,2 миллион сом каралган. Бул тууралуу борбор калаанын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктарына арналган коллегиялык жыйында маалымдалды. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын маанилүү окуяларынын бири Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын бекитилиши болду. Документ борбор калааны алдыдагы 25 жылда өнүктүрүүнүн

Караколдо жаңыланган Пушкин сейил багы пайдаланууга берилди

Караколдо жаңыланган Пушкин сейил багы пайдаланууга берилди

Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бак реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди. Жаңыланган эс алуу жайынын ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Кечээ Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бак реконструкциядан кийин расмий түрдө пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин