Депутат Ат-Башыда 700 млн сомдук таза суу долбоору менен таанышты

Депутат Ат-Башыда 700 млн сомдук таза суу долбоору менен таанышты

Нарын облусунун Ат-Башы районунда таза суу долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жай жүрүшүнө жана сапатына жергиликтүү тургундар нааразычылык билдиришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

27-октябрда Ат-Башы айылында өткөн жолугушууда тургундар казылган көчөлөрдүн калыбына келтирилбей жатканын, курулуш иштеринин жай жүрүшүн жана кудуктардын абалын көтөрүштү.

Маалыматка ылайык, Ат-Башы жана Ак-Жар айылдарын таза суу менен камсыз кылуу долбоорунун жалпы наркы 700 млн сомдон ашат. Ал Азия өнүктүрүү банкынын кредиттик жана гранттык каражаттарынын, ошондой эле республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоордун алкагында 86,9 чакырым суу түтүгүн тартуу пландалган.

Жолугушуунун жыйынтыгында подряддык уюмдарга курулуш иштерин тездетүү, казылган көчөлөрдү калыбына келтирүү, грейдер менен тегиздөө жана техниканын санын көбөйтүү талаптары коюлганын билдирди Самаков.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарына иштердин сапатына жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына көзөмөлдү күчөтүү тапшырылганын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Кытай суу чарбасы тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Кытай суу чарбасы тармагында кызматташат

"Кыргызсуудолбоор" ААК менен Кытайдын Түндүк Кытай суу ресурстары жана гидроэнергетика университетинин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 15–24-октябрь күндөрү "Кыргызсуудолбоор" ААКтын башкармалыгынын төрагасы Эрмек Дурусалиев жетектеген делегация Кытайга иш сапары менен барды. Иш сапардын алкагында кыргыз

Ишкер Media
"Жети-Өгүз" санаторийин реконструкциялоо 2027-жылдын майында аяктайт

"Жети-Өгүз" санаторийин реконструкциялоо 2027-жылдын майында аяктайт

Ысык-Көл облусундагы "Жети-Өгүз" санаторийинде жүргүзүлүп жаткан реконструкциялоо иштери 2027-жылдын май айында толук аяктайт. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27-октябрда Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев санаторийге барып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда санаторийде төрт кабаттуу жаңы башкы корпус, эки кабаттуу дарылоо

Ишкер Media
Азербайжан менен Кыргызстан туризм тармагында кызматташууга кызыкдар

Азербайжан менен Кыргызстан туризм тармагында кызматташууга кызыкдар

Кыргызстан менен Азербайжан ден соолукту чыңдоо туризми жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов менен Азербайжандын Кесиптик бирликтер конфедерациясынын төрагасы Сахиб Мамедовдун жолугушусунда айтылды. Агенттиктен маалымдагандай, тараптар Кыргызстандагы санаторий-курорттук жана ден соолукту чыңдоо инфраструктурасын өнүктүрүү, ошондой эле бул тармакка инвестиция тартуу

Ишкер Media
Кыргызстан жана коңшу өлкөлөр QR-код аркылуу төлөмдөрдү өнүктүрүүнү макулдашты

Кыргызстан жана коңшу өлкөлөр QR-код аркылуу төлөмдөрдү өнүктүрүүнү макулдашты

Борбордук Азия өлкөлөрү менен Азербайжандын борбордук банктары чек ара аралык төлөмдөрдү өнүктүрүү боюнча кызматташууну макулдашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 22-23-октябрда Тажикстандын Душанбе шаарында төлөм системаларын өнүктүрүү боюнча IV регионалдык жолугушуу өттү. Ага Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев жетектеген делегация катышты. Жолугушууда тез төлөм

Ишкер Media