Мектепке каттоодон - мугалимдерди жумушка алууга чейин кызматтар санариптешүүдө

Мектепке каттоодон - мугалимдерди жумушка алууга чейин кызматтар санариптешүүдө

Кыргызстанда балдарды бала бакчага жана мектепке каттоо, окуучулардын жетишкендиктерин көзөмөлдөө, мугалимдерди жумушка алуу жана жеке мектептерди лицензиялоо кызматтары электрондук форматка өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, билим берүү тармагындагы санариптик кызматтарды бириктирген “Билим” порталы (bilim.gov.kg) түзүлгөн. Ага ылайык:
  • ата-энелер “Балалык” платформасы аркылуу балдарын бала бакчага, “Мектеп” системасы аркылуу биринчи класска кабыл алууга электрондук арыз берүү;
  • “Күндөлүк” системасы мугалимдерге электрондук журнал жүргүзүүгө, ата-энелерге балдарынын бааларын жана сабакка катышуусун көзөмөлдөөгө;
  • Окуучулар үчүн “Окуу китеби” жана STEM платформаларында электрондук китептер менен окуу материалдары жеткиликтүү;
  • Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар жана мигранттардын балдары үчүн “Тунгуч” онлайн мектеби ишке киргизилген.

Мындан тышкары, жеке менчик мектептерди лицензиялоо боюнча электрондук модуль (license.edu.gov.kg) ишке киргизилди.

Мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү үчүн "Устат" жана "Кесип" платформалары иштейт. "Мугалим" маалымат системасында педагогикалык кадрлардын улуттук резерви, бош кызмат орундары жана билим берүү уюмдарынын директорлорун тандоо модулдары түзүлдү. Агартуучулар ведомстволук сыйлыктарды дагы “Мугалим” системасы аркылуу ала баштады.

Мындан тышкары окуңуз

"Жети-Өгүз" санаторийин реконструкциялоо 2027-жылдын майында аяктайт

"Жети-Өгүз" санаторийин реконструкциялоо 2027-жылдын майында аяктайт

Ысык-Көл облусундагы "Жети-Өгүз" санаторийинде жүргүзүлүп жаткан реконструкциялоо иштери 2027-жылдын май айында толук аяктайт. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27-октябрда Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев санаторийге барып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда санаторийде төрт кабаттуу жаңы башкы корпус, эки кабаттуу дарылоо

Ишкер Media
Азербайжан менен Кыргызстан туризм тармагында кызматташууга кызыкдар

Азербайжан менен Кыргызстан туризм тармагында кызматташууга кызыкдар

Кыргызстан менен Азербайжан ден соолукту чыңдоо туризми жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов менен Азербайжандын Кесиптик бирликтер конфедерациясынын төрагасы Сахиб Мамедовдун жолугушусунда айтылды. Агенттиктен маалымдагандай, тараптар Кыргызстандагы санаторий-курорттук жана ден соолукту чыңдоо инфраструктурасын өнүктүрүү, ошондой эле бул тармакка инвестиция тартуу

Ишкер Media
Кыргызстан жана коңшу өлкөлөр QR-код аркылуу төлөмдөрдү өнүктүрүүнү макулдашты

Кыргызстан жана коңшу өлкөлөр QR-код аркылуу төлөмдөрдү өнүктүрүүнү макулдашты

Борбордук Азия өлкөлөрү менен Азербайжандын борбордук банктары чек ара аралык төлөмдөрдү өнүктүрүү боюнча кызматташууну макулдашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 22-23-октябрда Тажикстандын Душанбе шаарында төлөм системаларын өнүктүрүү боюнча IV регионалдык жолугушуу өттү. Ага Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев жетектеген делегация катышты. Жолугушууда тез төлөм

Ишкер Media
Бишкекте өткөн айыл чарба көргөзмөсүнө 50 миңден ашуун адам келди

Бишкекте өткөн айыл чарба көргөзмөсүнө 50 миңден ашуун адам келди

23–25-октябрь күндөрү Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта өткөн "АгроТехЭкспо – 2026" айыл чарба көргөзмөсүнө жана "Алтын күз" азык-түлүк жарманкесине 50 миңден ашуун адам келди. Мындай маалыматты Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы таратты. "Алтын күз" жарманкесине өлкөнүн 40 районунан 300гө жакын

Ишкер Media