Бишкекте бүгүнтөн тарта жылуулук бериле баштады
Бишкекте бүгүн, 28-октябрдан тарта жылуулук бериле баштады. Шаардык мэриядан билдиришкендей, чечим абанын температурасынын төмөндөшүн, Гидрометеорологиялык кызматтын аба ырайы боюнча болжолун жана турак үйлөр менен социалдык объектилерди жылытуу үчүн электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшүн эске алуу менен кабыл алынган.
Мэрия жылуулук берүү системасын ишке киргизүү учурунда жаралышы мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.
Белгилей кетсек, бекитилген тартипке ылайык, сырттагы абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градус жана андан төмөн болгондо жылытуу мезгили башталат.