Кыргызстан - Индонезия креативдүү экономика тармагы тууралуу сүйлөштү
КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Индонезиянын креативдүү экономика министри жана Креативдүү экономика агенттигинин башчысы Теуку Риефки Харся менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдө креативдүү индустрияларды өнүктүрүү жаатында эки тараптуу өнөктөштүктү тереңдетүү, алдыңкы тажрыйба алмашуу, ошондой эле дүйнөлүк рынокторго өз ара чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү айтылды.
Нурланова Индонезиянын көрүнүктүү жетишкендиктери көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан үчүн да креативдүү өнүмдөрдү жаратуучулар үчүн натыйжалуу экосистема түзүүдө шыктандыруучу үлгү болуп саналарын белгиледи.
Беназир Нурланова креативдүү экономика мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бирине жана Кыргызстандын экономикасын диверсификациялоонун стратегиялык куралына айланганын баса белгиледи.
Анда кыргыз тарап ата мекендик креативдүү сектордун дараметин мындан ары да арттырып, аны сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарары белгиленди.
Өз кезегинде министр Теуку Риефки Харся Кыргыз Республикасынын делегациясынын сапары эки тараптуу өз ара аракеттенүү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгилеп, өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр туруктуу жана олуттуу кызматташтыкты түзүүгө күчтүү түрткү болот деген үмүтүн билдирди.
Жолугушууда Индонезиянын делегациясы өз ара пайдалуу кызматташтык багыттарын аныктоо үчүн өлкөнүн креативдүү экономикасы тууралуу да маалымат берди.