Б.Төрөбаев “Борбор Азия – Европа Биримдиги” экономикалык форумуна катышты

Б.Төрөбаев “Борбор Азия – Европа Биримдиги” экономикалык форумуна катышты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн “Борбор Азия – Европа Биримдиги” үчүнчү экономикалык форумуна катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Форумда сүйлөгөн сөзүндө Бакыт Төрөбаев аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана өз ара байланыштарды тереңдетүү маанилүү экенин белгилеп, экономика, жашыл энергетика, транспорт жана маанилүү кен байлыктары сыяктуу бир катар багыттарда биргелешкен иштерди улантуунун зарылдыгын баса белгиледи.

Иш-чаранын алкагында вице-премьер-министр Европа Биримдигинин эл аралык өнөктөштүк боюнча комиссары Йозеф Сикела менен жолугушту. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы учурдагы кызматташуунун жүрүшүн талкуулашты.

Бакыт Төрөбаев ЕБ жана анын институттары Кыргызстанда маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда көрсөтүп жаткан колдоону жогору баалап, мындан аркы өз ара кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Гепатитти дарылоого 492 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн

Гепатитти дарылоого 492 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн

Кыргызстанда быйылкы жылдын алты айында 1 миллиондон ашуун адам гепатиттин вирустук В түрүнө каршы эмдөө алды. Алардын ичинен биринчи дозасы 446 319, экинчи дозасы 358 159, үчүнчү дозасы 250 534 адамга сайылган. Бул тууралуу Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору билдирди. Маалыматка таянсак,

Данияр Амангелдиев: Өкмөт чара көрбөсө, күйүүчү майдын баасы 140 сомдон ашмак

Данияр Амангелдиев: Өкмөт чара көрбөсө, күйүүчү майдын баасы 140 сомдон ашмак

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев дүйнөлүк рынокто күйүүчү майдын кымбатташы Кыргызстандагы баага да таасир эткенин билдирди. Бул тууралу ал "Биринчи радионун” эфиринде билдирди. Амангелдиевдин айтымына караганда, акыркы эки айда бензиндин дүйнөлүк баасы дээрлик эки эсеге өсүп, бир тоннасы 860 доллардан 1700 долларга жеткен. Эгер өкмөт бааны

АИ-95 күйүүчү майынын тартыштыгы боюнча түшүндүрмө берилди

АИ-95 күйүүчү майынын тартыштыгы боюнча түшүндүрмө берилди

AИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин тартыштыгы орусиялык компаниялар тарабынан киргизилген жеткирүү чектөөлөрүнө байланыштуу. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын адиси Лариса Шустикова “Биринчи”радионун" эфиринде билдирди. "Орусиялык компаниялар бул жерде иштеген өздөрүнүн ишканаларына АИ-95 бензинди жеткирүүнү чектешти. Ошол эле учурда, үч ири мунай ишканалары ишин улантып, запастарга

Бишкектеги Ататүрк сейил багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Бишкектеги Ататүрк сейил багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк сейил багынын аймагын кыдырып чыгып, оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле подряддык уюмга жана тиешелүү шаардык кызматтарга калган иштерди аягына чыгаруу жана объектти мындан ары талапка ылайык жасоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө объектти оңдоп-