А.Касымалиев Берлинден Кыргызстандагы балдар үйүнө белек жөнөттү

А.Касымалиев Берлинден Кыргызстандагы балдар үйүнө белек жөнөттү

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Берлинге болгон иш сапарынын жүрүшүндө Германиянын борборундагы “Кыргыз почтасы” ААКнын чет өлкөдөгү эл аралык почта алмашуу борборуна барды.

Сапардын жүрүшүндө ал борбордун ишмердүүлүгү, анын ичинде эл аралык почтаны сорттоо, таңгактоо, кайра иштетүү жана жөнөтүү боюнча заманбап технологиялары тууралуу маалымат алды.

Төраганын Кыргызстандын балдар үйлөрүнүн бирине өзүнүн атынан белек жөнөтүүсү бул сапардын өзгөчөлүгү болуп калды. Анда 50 белек бар, топтомунда билим берүүчү оюндар, китептер, кеңсе буюмдары жана таттуулар орун алды.

Адылбек Касымалиев жөнөтүлгөн белектер Бишкекке ылдамыраак жетип, Жаңы жылды утурлай балдарды кубандырат деген ишенимин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

"Ысык-Ата" санаторийинде 3 жаңы корпус жана санариптик тутум ишке кирди

"Ысык-Ата" санаторийинде 3 жаңы корпус жана санариптик тутум ишке кирди

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев "Ысык-Ата" санаторийиндеги жаңы объектилердин ачылышына катышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, санаторийде 3 жаңы корпус, спорт зал жана 250 орундуу заманбап ашкана пайдаланууга берилди. Ошондой эле "Саламат" автоматташтырылган тутуму жана Face ID технологиясы киргизилип, каттоо,

Ишкер Media
Кызыл-Кыяда 200 жаранга көмүр акысыз таратылды

Кызыл-Кыяда 200 жаранга көмүр акысыз таратылды

Кызыл-Кыя шаарында социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарга акысыз көмүр таратылууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27-октябрдан тарта башталган иш-чаранын алкагында 200 жаранга жалпы 60 тонна көмүр акысыз бөлүштүрүлдү. Көмүр таратуу иштери шаар мэри Б. Кошалиевдин жетекчилиги алдында уюштурулуп, кыш мезгилинде муктаж үй-бүлөлөрдүн турмуштук шартын

Ишкер Media
Өлкөдө үч медициналык объекттин курулушун каржылоо мүмкүнчүлүгү каралууда

Өлкөдө үч медициналык объекттин курулушун каржылоо мүмкүнчүлүгү каралууда

24-октябрдан тарта Кыргызстанда Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) "Туруктуу саламаттык сактоо секторун модернизациялоо" долбоорун даярдоо боюнча миссиясы иш алып барууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди. Маалым болгондой, Ислам өнүктүрүү банкынын адистери техникалык-экономикалык негиздемени даярдоонун алкагында Ош жана Нарын облустарына барышты. Алар медициналык объекттерди куруу үчүн сунушталган

Ишкер Media
Бишкектеги Ак-Бата конушунда мектеп курулууда

Бишкектеги Ак-Бата конушунда мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Ак-Бата конушунда спорт комплекси жана жаңы мектеп курулууда. Ал эми Энергетиктер шаарчасындагы “Алёнушка” бала бакчасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, аталган конуштагы спорт комплексинде дзюдо, футбол, гандбол жана волейбол менен машыгууга арналган эки спорт зал, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр жана машыгуу залы каралган. Учурда имараттын каркасы толук

Ишкер Media