Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталды

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталды

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталып, саат 08:00дө өлкө аймагы боюнча 2492 шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды.

Чет мамлекеттерде жарандардын шайлоо укугун камсыздоо максатында 100 шайлоо тилкеси жана өлкө ичинде 27 аралыктан добуш берүү тилкеси иштерин буга чейин БШК маалымдаган. Алардын ичинде аэропорттордо (учуу жана конуу зоналарында), ири базарларда, соода борборлорунда, тергөө абагында, медициналык мекемелерде жана адамдар көп топтолгон башка жайларда жайгашкан пункттар бар.

БШКнын маалыматы боюнча, шайлоочулардын тизмесине 4 млн 294 миң 243 шайлоочу кирди:

- эркектер – 2 млн 81 миң 514 (48,47%);

- аялдар – 2 млн 212 миң 729 ( 51,52%).

Жашы боюнча бөлгөндө:

- 18 жаштагылар – 104 миң 693 (2,44%):

- 19-35 жаштагылар – 1 млн 707 миң 851 (39,77%)

- 36-45 жаштагылар – 923 миң 975 (21,52%)

- 46-55 жаштагылар – 650 миң 851 (15,16%)

- 56-65 жаштагылар – 528 миң 771 (12,31%)

- 66 жаштан жогоркулар – 378 миң 102 (8,80%).

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышуу үчүн жалпы 460 талапкерди каттаган. Алар өлкө боюнча түзүлгөн 30 көп мандаттуу округдан ат салышып, ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жогорку Кеңеште 90 депутат болушу керектигин эске алсак, болжол менен бир депутаттык орунган 5,1 талапкер туура келет.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media