Жаратылыш ресурстары министрлиги 525 гектар аңчылык жерине конкурс жарыялады

Жаратылыш ресурстары министрлиги 525 гектар аңчылык жерине конкурс жарыялады

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Талас жана Ош облустарындагы 3 аңчылык жеринде аңчылык ишин жүргүзүүгө конкурс жарыялаганын жана документтер Бишкек шаарында 2025-жылдын 2-декабрынан 31-декабрына чейин кабыл алынарын “economist.kg” сайты жазды. 

Жарыяда көрсөтүлгөн аңчылык участоктору төмөнкүлөр:

  • Талас облусунун Талас районундагы 205 956 гектар аянтты ээлеген №2 участок;
  • Талас облусунун Айтматов районундагы 218 009 гектар аянтты ээлеген №3 участок;
  • Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы 101 812 гектар аянттагы №2 участок.

Конкурска төмөндөгүдөй юридикалык жактар катыша алышат:

  • аңчылык жана аңчылык чарбасынын түрлөрү боюнча түзүүчүлүк документтерине ээ;
  • башкаруучулары “А” же “Б” категориядагы мамлекеттик аңчылык күбөлүгүнө ээ болгон жактар.

Конкурстук документтер пакетин Бишкек шаарынын Эркиндик бульвары 2 дарегинин 1-кабатында,№146 кабинетте кабыл алынып жатат. Байланыш телефону: +996 (559) 30-11-20. 

Документтер жана арыздар ошол эле дарекке 2-декабрдан 31-декабрга чейин кабыл алынат.

Конкурс Талас жана Ош облустарындагы участоктор боюнча 2026-жылдын 21-январында болот. Жыйын Бишкек шаарынын Эркиндик бульвары 2 дарегинин, 1-кабатында, №145 конференц-залында өтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Өлкө лидери Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттары менен таанышты.  Бул тууралу президенттик администрациядан билдиришти. Берилген маалыматка ылайык, Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-

Ишкер Media
Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media