Манас шаарында ири социалдык объектилер курулуп жатат

Манас шаарында ири социалдык объектилер курулуп жатат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Манас шаарында бир катар ири социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кыматынан билдирди.

Сапардын алкагында 5 200 орундуу Спорт сарайы, жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча түштүк аймактык илимий борбор жана президенттик "Акылман" лицейинин курулушу текшерилди. Объекттер заманбап инженердик жана курулуш стандарттарына ылайык иштелип чыгууда.

Спорт комплекси бассейн, спорттук аянтчалар, конференц-зал жана трибуналарды камтыйт. Илимий борбор 250 орунга ылайыкташтырылып, жогорку технологиялуу кардиохирургиялык жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Лицейге 420 окуучу үчүн окуу корпусу, жатакана жана 25 батирлүү турак жай кирет.

Объекттер 2026-жылы этап-этабы менен пайдаланууга берилип, сапаттуу курулуш жана графикти сактоо өкмөттүн региондорду өнүктүрүү жана социалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча негизги приоритети болуп калат.

Мындан тышкары окуңуз

Кербенде 100 орундуу медициналык борбор жана ипотекалык үйлөр курулат

Кербенде 100 орундуу медициналык борбор жана ипотекалык үйлөр курулат

2027-жылы Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында 100 орундуу Жалпы дарыгерлик практика борбору курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Аксы районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы облуста социалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Анын айтымында, аймакта медициналык мекемелерди, мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык объектилерди куруу

Ишкер Media
Аксы районунун бюджети 5 жылда 2 эсеге көбөйдү

Аксы районунун бюджети 5 жылда 2 эсеге көбөйдү

Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Аксы районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Мамлекет башчысынын айтымында, Аксы районунун бюджети акыркы беш жылда эки эсеге көбөйдү. 2021-жылы райондун бюджети 154 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 308 млн сомго

Ишкер Media
Карагач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026" өттү

Карагач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026" өттү

Бишкекте бүгүн Карагач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026 – NATIONAL GREEN DAY" экологиялык фестивалы өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында бак-дарак отургузуу акциясы уюштурулду. Фестивалга Минкаб Төрагасынын орун басары Улан Маматканов катышты. Ошондой эле мамлекеттик органдар, мэрия, ыктыярчылар катышты. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү

Ишкер Media
Таш-Көмүрдө 150 орундуу оорукана жана спорт комплекси курулууда

Таш-Көмүрдө 150 орундуу оорукана жана спорт комплекси курулууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Таш-Көмүр шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, шаарда 150 орундуу борбордук оорукананын, спорт комплексинин жана эс алуу

Ишкер Media