Кыргызстан менен Азербайжан космос тармагында кызматташуунун келечегин талкуулады

Кыргызстан менен Азербайжан космос тармагында кызматташуунун келечегин талкуулады

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Азербайжан Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында “Азеркосмос” космостук агенттигине барды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда министр агенттиктин директорлор кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу Дунай Бадирханов менен жолугуп, космостук технологиялар, спутниктик байланыштар жана санариптик чечимдер чөйрөсүндөгү кызматташуунун келечегин талкуулады.

Кыргыз тарап азербайжан спутниктеринин мүмкүнчүлүктөрүн байланыш, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, айыл чарба мониторинги жана айлана-чөйрөнү көзөмөлдөө үчүн колдонууга кызыкдар экенин билдирди. Заманбап спутниктик маалыматтар мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берери айтылды.

Азербайжан тарап өз спутниктик системаларынын техникалык потенциалын, маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүктөрүн, жогорку тактыктагы аймактык мониторингди жана мамлекеттик органдар менен жеке сектор үчүн комплекстүү санариптик кызматтарды көрсөтүүдөгү тажрыйбасын бөлүштү.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар жумушчу консультацияларды улантууну жана Кыргызстан үчүн негизги тармактарда спутниктик кызматтарды жана технологияларды ишке ашырууга багытталган далилдүү долбоорлорду иштеп чыгууну макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media