Лебединовкадагы пенопласт өндүрүүчү ишкана убактылуу токтотулду

Лебединовкадагы пенопласт өндүрүүчү ишкана убактылуу токтотулду

Лебединовка айылындагы пенопласт өндүрүүчү ишкананын иши экологиялык талаптарды бузганы үчүн убактылуу токтотулганын Кыргызстандын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Муниципалдык инспекция менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүдө, социалдык тармактарда (Facebook) жарыяланган видеоматериалда көрсөтүлгөн Лебединовка айылындагы пенопласт өндүрүүчү "Барс медведь" ЖЧКсынын жайгашкан жери аныкталган.

Текшерүү учурунда ишкананын газ тазалоочу жабдуусу жок экени аныкталган. Бул экологиялык нормаларды жана коопсуздук талаптарын бузуу болуп эсептелет. КРнын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 230-беренесине ылайык, ишканага 28 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында ишкананын иши газ тазалоочу жабдуулар орнотулганга чейин убактылуу токтотулган.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media