А.Касымалиев Москвада илим жана технологиялар конференциясына катышты

А.Касымалиев Москвада илим жана технологиялар конференциясына катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы 12-декабрда Россиянын Москва шаарына жумуш сапары менен барып, илим жана технологиялар жаатындагы эл аралык конференцияга катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын алгачында Касымалиев ВДНХдагы “Атом” павильонундагы музей менен таанышып, атомдук энергиянын тарыхы, советтик атомдук долбоордун башталышынан бүгүнкү күнгө чейин жетишкендиктери тууралуу маалымат алды.

Конференцияда экологиялык коопсуздукту жана энергиянын натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында газ жана суюк чөйрөлөрдү тазалоо системалары, радиоактивдүү калдыктарды коопсуз сорттоо үчүн роботтоштурулган системалар, лазерлер, оптоэлектроника, 5G технологиялары, медицина жана айыл чарба үчүн инновациялык материалдар жана компоненттер боюнча презентациялар көрсөтүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – илимий жана технологиялык кызматташтыкты өнүктүрүү, энергиянын натыйжалуу жана коопсуз пайдаланылышын камсыздоо болду.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөдө бир жумада 21 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды

Котловандан батирлерин жарнамалаган компаниянын иши токтотулду

Соң-Көлдөн 500 метр синтетикалык тор чыгарылды

DemirBankтан 100 000 сомго чейинки кэшбек менен ипотека

РФнын 8 аймагында мигранттарга таксист болуп иштөөгө чектөө киргизүү пландалууда