Муниципалдык кызматчынын этикасын сактабагандыгы үчүн жогорку билим берүү министри кызматтан кетти

Муниципалдык кызматчынын этикасын сактабагандыгы үчүн  жогорку билим берүү министри кызматтан кетти

Бактияр Орозов КРнын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматынан бошотулду.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана “Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары жана саясий муниципалдык кызмат орундары жөнүндө” Жарлыгына ылайык токтом кылынды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жарлыктын негизинде КРнын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Орозов Бактияр Сайпидинович мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасынын ченемдеринин талаптарын сактабагандыгына байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.  
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Нарында өнөр жай паркы түзүлөт

Бишкектеги паркка 85 түп эмен көчөтү отургузулду

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду

Кантта 5 жылда үч ири ишкана ачылган