Садыр Жапаров Япониянын императору Нарухито менен жолугушту

Садыр Жапаров Япониянын императору Нарухито менен жолугушту

Бүгүн, 19-декабрда Президент Садыр Жапаров Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Япониянын императору Нарухито менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар достук мамилелерди бекемдөө, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жана эки элдин ортосундагы түшүнүшүүнү кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Президент сапарында Осакадагы ЭКСПО-2025 Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүндө Кыргызстандын Улуттук павильонуна алтын сыйлык ыйгарылганын белгиледи. Ошондой эле Япониянын технологиялары, билим берүү программалары жана стипендиялык мүмкүнчүлүктөрү Кыргызстандын өнүгүүсүнө маанилүү экенин баса белгиледи.

Садыр Жапаров Император Нарухитону 2027-жылы өтө турган "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммитине чакырды жана анын Кыргызстанга сапары эки тараптын мамилелерин тереңдетүүгө чоң салым кошоорун белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлыгы 40 миң сомго чейин жогорулады

Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлыгы 40 миң сомго чейин жогорулады

Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин орточо айлыгы кошумча төлөмдөр жана үстөк акыларды эске алуу менен 40 миң сомго чейин жогорулады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин алардын орточо маянасы 12 миң сомдун тегерегинде болгон. Эмгек акыны жогорулатуу президент Садыр Жапаровдун 26-марттагы

Ноокенде абаны булгаган эки айдоочуга 15 миң сомдон айып салынды

Ноокенде абаны булгаган эки айдоочуга 15 миң сомдон айып салынды

Ноокен районунда зыяндуу заттарды белгиленген ченемден ашык чыгарган эки автоунаа аныкталып, алардын ээлерине 15 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын кызматкерлери Ноокен райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте ыкчам иш-

Жыл башынан бери 989 миңден ашык адамга социалдык кызмат көрсөтүлдү

Жыл башынан бери 989 миңден ашык адамга социалдык кызмат көрсөтүлдү

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 989,5 миң адамга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматтары көрсөтүлдү. Бул өлкө калкынын болжол менен 14%ын түзөт. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, коллегиялык отурумда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов ишмердүүлүк боюнча маалымат берди. Ага ылайык, 410,

Ош кышка камынууда: 6 153 тонна көмүр камдалды

Ош кышка камынууда: 6 153 тонна көмүр камдалды

Ош шаарында 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кышка даярдык боюнча штабдын жыйынында тиешелүү мекеме-ишканалардын аткарып жаткан иштери талкууланды. "Ош шаарынын жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасында үч буу казаны жылуулук берүүгө даярдалып, 3 115,3 тонна