Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 45 млн долларга чейин колдоо көрсөтөт

Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 45 млн долларга чейин колдоо көрсөтөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Венгрияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдө тараптар 2025-жылдагы кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүктүн жыйынтыгын чыгарышты жана 2026-жылы кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө умтулушарын билдиришти.

Алар жыл ичинде өткөн жолугушууларды, анын ичинде КР Президенти Садыр Жапаров менен Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын май айындагы жолугушуусун, сентябрдагы жана октябрдагы стратегиялык кеңештерди, ошондой эле ноябрь айындагы экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйындарын белгилешти.

Тараптар Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун маанисин баса белгилеп, анын 45 млн АКШ долларына чейин капиталдаштыруу жолу менен Кыргызстанда иштеген венгриялык компанияларды колдоого багытталганын белгилешти.

Ошондой эле, сүйлөшүүлөрдө мамлекеттер аралык маданий-гуманитардык кызматташтык каралды. Венгриянын жогорку окуу жайларында жыл сайын 200гө чейин кыргызстандык студенттерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу макулдашуу болду.

Сүйлөшүүлөрдүн аягында тараптар Россия-Украина жаңжалынын тынчтык жолу менен гана жөнгө салынышын колдогон биргелешкен позициясын ырасташты жана Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер менен санкциялык маселелер боюнча кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Декларацияланбаган товарлар: мамлекетке 3,8 млн сомдон ашык зыян өндүрүлдү

Декларацияланбаган товарлар: мамлекетке 3,8 млн сомдон ашык зыян өндүрүлдү

"Нарын" бажысынын кызматкерлери бажы мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 3-5-август күндөрү Кытайдан "Б.Х.Г." ЖЧКсынын дарегине эки оор жүк ташуучу унаа менен товарлар жеткирилген. Документтерде алар жалпы салмагы 9 440 кг болгон металл конструкциялар жана

Тамгада логистикалык борбор жана шире чыгаруучу цех куруу пландалууда

Тамгада логистикалык борбор жана шире чыгаруучу цех куруу пландалууда

Ысык-Көл облусунун Тамга айылында логистикалык борбор жана шире чыгаруучу цех куруу боюнча иштер аткарылууда. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, облус башчысы Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасы менен учурда аракеттер көрүлүп жатат. Демилгени ишке ашыруу үчүн Барскоондогу Тамга айылынан 1 гектар муниципалдык жер тилкеси бөлүнгөн. Долбоордун жалпы

Ысык-Көлдө балык уулоо билетин QR-код аркылуу алууга болот

Ысык-Көлдө балык уулоо билетин QR-код аркылуу алууга болот

Ысык-Көлдө спорттук жана ышкыбоздук балык уулоочулар үчүн балык уулоо билетин электрондук түрдө алуу мүмкүнчүлүгү кеңейтилүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти билдирди. Буга чейин көлдүн Кекилик участогуна балык уулоо эрежелери жана жол-жоболору көрсөтүлгөн маалыматтык тактайча орнотулган. Анда балык уулоо билетин онлайн алууга мүмкүндүк

Эмгек министрлиги жарым жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууда

Эмгек министрлиги жарым жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууда

21-августта Бишкекте Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына арналган отурум өтүп жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Коллегиялык отурумга Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, депутат Гүлнара Баатырова, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев, ошондой эле министрликтин