Президент Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Өлкө башчыны Санкт-Петербург шаарынын "Пулково" эл аралык аэропортунан губернатор Александр Беглов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Иш сапардын алкагында Кыргызстан менен Россиянын лидерлеринин жолугушуусу пландаштырылган. Ошондой эле Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын формалдуу эмес жолугушуусуна катышат.

Иш-чаралардын алкагында евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык жана финансылык кызматташтыкты тереңдетүүнү, каботаждык ташууларды өнүктүрүүнү, энергетика тармагындагы кызматташтыкты, ошондой эле КМШ багыты боюнча өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктарын талкуулоо пландаштырылууда. 

Сапардын жыйынтыгы боюнча ЖЕАК жыйынынын күн тартибинин алкагында тиешелүү чечимдерди жана документтерди кабыл алынат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү Кытайдагы ишкердик форумуна катышууда

Ысык-Көлдө 23 курулуш объектиси текшерилди

Жалал-Абадда "Арзибай-Ата Компани" ишканасын өнүктүрүү иштери жүрүүдө

Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 68-чакырымында жер алдындагы өтмөк курулууда

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду