Өкмөт бюрократияны кыскартуу боюнча жаңы чечимдерди кабыл алды

Өкмөт бюрократияны кыскартуу боюнча жаңы чечимдерди кабыл алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Мамлекеттик кызмат тутумун бюрократиядан арылтуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алтынчы отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Отурумда комиссиянын ишинин аралык жыйынтыгы чыгарылып, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Юстиция министри Аяз Баетов баяндама жасады. Президент Садыр Жапаровдун тиешелүү Жарлыгынан кийин бюрократияны кыскартуу багытында олуттуу натыйжаларга жетишилгени белгиленди.

Маалыматка ылайык, комиссия 2025-жылдын март айында түзүлүп, 8 ай ичинде бюрократияны кыскартууга багытталган алты пакет кабыл алынган. Алар мамлекеттик башкарууда ашыкча административдик процедураларды азайтууга шарт түздү.

Алтынчы пакеттин алкагында маалыматтарга негизделген өкмөттүн концепциясын иштеп чыгуу, “нөлдүк бюрократия” принциптерин киргизүү, “Түндүк” системасы аркылуу автоматтык эсептөөлөргө өтүү, бизнеске профилактикалык консультация берүү жана онлайн соодага салык салууну реформалоо сунушталды.

Ошондой эле кош бойлуу аялдарга жана алты жашка чейинки балдарга дары-дармектердин ордун толтуруу, ELQR QR төлөмдөрүнүн мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү маселелери каралды.

Жыйынтыгында бюрократияны кыскартууга багытталган чаралардын алтынчы пакети жактырылып, жооптуу мамлекеттик органдарга аны белгиленген мөөнөттө ишке ашыруу тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media