С.Жапаров: "Жаңы жылдан кийин бизнести олуттуу жеңилдиктер күтөт"

С.Жапаров: "Жаңы жылдан кийин бизнести олуттуу жеңилдиктер күтөт"

Чакан жана орто бизнес өлкө экономикасынын негизги тирөөчтөрүнүн бирине айланганын ппрезидент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча чакан жана орто ишкердик тармагы олуттуу өсүштү көрсөткөн. Өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 46,4%га өсүп, 641 млрд сомго жетти. Ички дүң продукциядагы чакан жана орто бизнестин үлүшү 42,6%дан 51,7%га чейин жогорулады, ал эми ишканалардын саны 12%га көбөйүп, 20 миңге жакындады.

Президент ошондой эле калкты жумуш менен камсыз кылуу тармагындагы оң динамиканы белгиледи. Чакан жана орто бизнесте иштегендердин саны 5,1%га өсүп, учурда бул сектордо 617 миңге жакын адам эмгектенип жатат.

"Биз бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү, ачык-айкын жана түшүнүктүү эрежелерди киргизүүнү, туруктуу финансылык колдоо көрсөтүүнү жана административдик тоскоолдуктарды кыскартууну улантабыз. Ишкерлерди тез-тез текшерүү жана аларга карата адилетсиз мамиле жасалган учурлар тууралуу маалыматым бар. Жаңы жылдан кийин биз бизнес өкүлдөрү менен биргеликте укук коргоо жана салык органдарынын катышуусунда жолугушуу өткөрөбүз. Бизнести олуттуу жеңилдиктер күтөт", — деди Садыр Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media