Илим, инновация жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйыны болуп өттү

Илим, инновация жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйыны болуп өттү

Бүгүн 31-декабрда — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына караштуу Илим, инновация жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйыны болуп өттү.

Анын жүрүшүндө илимий чөйрөнүн учурдагы абалы, көйгөйлөрү жана өнүгүү перспективалары тууралуу баяндамалар угулду. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ишмердүүлүгүнүн ченемдик укуктук базасын өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Геология илимине мамлекеттик колдоону күчөтүү маселеси да талкууланды.

Жыйындын соңунда Илим, инновация жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш бир катар чечимдерди кабыл алды. Кеңештин чечиминде илимди жана геологиялык изилдөөлөрдү өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыты экендиги белгиленген.

Министрлер Кабинетине илимий иштердин эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулардын механизмдерин өнүктүрүүгө багытталган системалуу чараларды ишке ашыруу; илимий чөйрөнү каржылоону акырындык менен көбөйтүү жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу; геология илимин модернизациялоо, илимий мекемелердин кадрларын жана материалдык-техникалык базасын чыцдоо сунушталды.

Мындан тышкары окуңуз

Кореялык компания өлкөдө өндүрүш долбоорун ишке ашырууну көздөп жатат

Кореялык компания өлкөдө өндүрүш долбоорун ишке ашырууну көздөп жатат

КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик түштүк кореялык HWAYA INC компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдирди. Мекемеден белгилешкендей, анда инвестициялык кызматташтыктын келечеги жана Кыргызстанда өндүрүш ишканасын түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тараптар өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү, ишкананы эркин экономикалык аймактын (ЭЭА) аймагына жайгаштыруу жана кыргыз-корей инвестициялык кызматташтыгын

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстан социалдык тармакта кызматташат

Кыргызстан жана Өзбекстан социалдык тармакта кызматташат

Самарканддагы дүйнөлүк саммиттин алкагында Кыргызстан менен Өзбекстан социалдык чөйрөдө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти. Маалымдалгандай, документке Кыргызстандын Эмгек министрлиги менен Өзбекстан президентинин алдындагы Улуттук социалдык коргоо агенттиги кол койду. Меморандум боюнча тараптар: • социалдык коргоо жаатында тажрыйба алмашуу • аярлуу катмарларга кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу • санариптик чечимдерди киргизүү • социалдык кызматкерлерди

Ишкер Media
Баткенде кышка даярдык текшерилүүдө

Баткенде кышка даярдык текшерилүүдө

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын Баткен филиалында 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык текшерилүүдө. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасы кабарлады. Маалым болгондой, комиссия жабдуулардын техникалык абалын, оңдоо иштерин, аба чубалгыларын, релелик коргоо системаларын жана авариялык бригадалардын даярдыгын текшерүүдө. Ошондой эле: • запастык бөлүктөрдүн жетиштүүлүгү • кызматкерлердин кышкы кийим

Ишкер Media
Кыргызстанда 15 млн сомдон ашык баңгизат алынып, төрт жаран кармалды

Кыргызстанда 15 млн сомдон ашык баңгизат алынып, төрт жаран кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан бир нече эл аралык каналдын ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматкаылайык, Түштүк-Чыгыш Азиядан Кыргызстанга ири өлчөмдө баңгизат жеткирүүгө тиешеси бар уюшкан эл аралык баңгизат тобу аныкталган. Ошондой эле өлкө ичинде баңгизаттарды ташуу, сактоо

Ишкер Media