Кыргызстанда 15 млн сомдон ашык баңгизат алынып, төрт жаран кармалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан бир нече эл аралык каналдын ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматкаылайык, Түштүк-Чыгыш Азиядан Кыргызстанга ири өлчөмдө баңгизат жеткирүүгө тиешеси бар уюшкан эл аралык баңгизат тобу аныкталган. Ошондой эле өлкө ичинде баңгизаттарды ташуу, сактоо жана таратуу менен алектенген туруктуу топтун ишмердүүлүгү токтотулган.
Мындан тышкары, Кыргызстанда баңгизаттарды, анын ичинде синтетикалык түрлөрүн сатуу менен алектенген бир нече трансулуттук топ аныкталган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы наркы 15 млн сомдон ашкан баңгизаттар алынган.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар деген шек менен Кыргызстандын төрт жараны кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Учурда кылмыштарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.