Баткенде кышка даярдык текшерилүүдө
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын Баткен филиалында 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык текшерилүүдө. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасы кабарлады.
Маалым болгондой, комиссия жабдуулардын техникалык абалын, оңдоо иштерин, аба чубалгыларын, релелик коргоо системаларын жана авариялык бригадалардын даярдыгын текшерүүдө.
Ошондой эле:
• запастык бөлүктөрдүн жетиштүүлүгү
• кызматкерлердин кышкы кийим менен камсыздалышы
• автоунаалардын суукка даярдыгы
• объектилерди аба ырайынан коргоо чаралары бааланууда
Баткен электр тармактар ишканасы 132 661 абонентти тейлейт:
• калк керектөөчүлөр - 123 263
• калк эмес - 9 398
Максат - кышкы суроо-талап жогорулаганда электр жарыгын үзгүлтүксүз берүү.