Жеке QR код көзөмөлдө: Кыргызстан менен Казакстан "серый" төлөм-бизнеси менен кантип күрөшүп жатат?

Жеке QR код көзөмөлдө: Кыргызстан менен Казакстан "серый" төлөм-бизнеси менен кантип күрөшүп жатат?

Борбор Азияда көмүскө экономикага жана "серый" схемаларга каршы күрөш күчөтүлүүдө: мамлекеттер салык мыйзамдарын күчтөндүрүп, салык органдары текшерүүлөрдү көбөйтүштү. 2026-жылдын башынан тартып Кыргызстанда жана Казакстанда ишкерлер үчүн жаңы эрежелер күчүнө кирди. Алар жеке адамдарга катталган төлөм каражаттарын бизнес максатта колдонууга байланыштуу. Кыргызстан менен Казакстандагы жагдай жана анын ишкерлерге тийгизген таасири тууралуу economist.kg сайты жакшы баяндама жасады.

Кыргызстандагы абал

Кыргызстанда кеңири тараган практика — ишкерлер жеке адамдар үчүн ачылган төлөм каражаттарын (QR-код, POS-терминал, электрондук капчык) өз бизнесинде колдонушат. Мотивдерине карабастан, мындай практика мамлекеттин салык төгүмүнө терс таасир тийгизет.

2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда жеке адамдарга катталган төлөм каражаттарын бизнес максатта колдонууга түздөн-түз тыюу салынды. Бул жерде сөз расмий бизнес-кызмат көрсөтүү болбогон учурда, товар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү алуу үчүн колдонулган POS-терминалдар, QR-коддор жана электрондук капчыктар тууралуу сөз болуп жатат.

Биринчи жолу мыйзам бузулса алдын алуу чарасы — расмий эскертүү берилет. Кайталанган учурларда каржылык жоопкерчилик каралган:
  • Жеке адамдар үчүн — 50 эсептик көрсөткүч (5 000 сом), кийинки мыйзам бузууда 130 эсептик көрсөткүч (13 000 сом).
  • Юридикалык жактар үчүн — кайталанган учурда 280 эсептик көрсөткүч (28 000 сом), системалуу бузууда 650 эсептик көрсөткүч (65 000 сом).

Банктарга да жоопкерчилик каралган: маалыматты салык органдарына кечиктирбестен бербесе 650 эсептик көрсөткүч (65 000 сом) айып пул салынышы мүмкүн.

Жаңы эрежелерди ишке ашыруу менен чакан бизнес схемаларын өзгөртүүгө аргасыз болууда. Мисалы, Бишкектеги базарлардын биринде кийим саткан ишкер Economist.kg басылмасына айтып бергендей, мурда ал жеке QR-код аркылуу төлөмдү жеңил кабыл алчу.

"Кардарларга ыңгайлуу, мага да ыңгайлуу эле. Бирөө QR кимдики деп сурачу да эмес. Бирок жаңы жылдан тартып банк айтты: эгер жеке ишкер болсоң, атайын QR колдон, болбосо маселер жаралат, — деди ал.

Ишкер белгилегендей, жаңы эрежелерге өтүү оңой болбоду: банк менен келишимди кайра түзүп, жаңы төлөм инстурментин иштетип, салыктык эсепке даяр болуу керек болду.

Бишкектеги православдык храм жанындагы кондитердик буюмдарды саткан аял да ушундай көйгөйгө туш болду. Анын уулу жеке эсепке төлөм кабыл алуу мыйзамсыз экенин эскертти. Айып салуу коркунучу жана текшерүүлөрдүн болушу менен байланыштуу, айрым кардарлар төлөмдү телефондон жасоону токтотушту.

Кыргызстандагы операцияларга дагы бир чектөө — коммерциялык банктар тарабынан коюлган транзакциялык лимиттер. Мисалы:

  • Gold-карталарда күн сайын 225 миң сомго чейин төлөм кылуу мүмкүн.
  • Кээ бир эсептерде күнүмдүк которуу 100 миң сом, POS-терминалдар аркылуу — 500 миң сом.

Эмне үчүн салык органдары мыйзам бузгандарды аныктайт?

Салык кызматынын Маалыматтык саясат башкармалыгы түшүндүргөндөй, текшерүү учурунда жеке адамдарга же үчүнчү жактарга катталган эсептер аркылуу төлөм алынганы аныкталат. Бул салык мыйзамдарын, ошондой эле КРнын "Кардардын укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамынын 27-беренесин бузуу болуп эсептелет.

Учурда мыйзам бузуу критерийлери боюнча суммалар жана төлөмдөрдүн саны так аныкталган эмес.

Казакстандагы абал

Казакстанда да бизнес максатта жеке төлөм каражаттарын колдонуу кеңири тараган. 2026-жылдын 1-январынан тартып көзөмөл, өзгөчө мобилдик которуулар боюнча көзөмөл күчөтүлдү.

Башкы принцип — төлөмдөрдүн системалдуулугу. Мурдагы көзөмөлдө тек гана которуулардын саны жана жиберүүчүлөрдүн саны каралчу: эгер 3 ай ичинде 100дөн көп адам жеке эсепке которсо, текшерүү башталчу.

Эми жаңы критерий киргизилди: текшерүү үчүн үч шарт тең аткарылышы керек:

  1. 100 жана андан көп жиберүүчү;
  2. үч ай бою системалдуу которуулар;
  3. жалпы сумма минималдык эмгек акынын 12 эсе ашкан учурда (1 млн 20 миң теңге).

Бул шарттардин бири аткарылбай калса текшерүү башталбайт. Бардык критерийлер дал келсе банк салык органдарына маалымат берет жана камералык текшерүү жүргүзүлөт. Эгер которулган акчалар боюнча айырмачылыктар болуп калса салык кызматы бул боюнча түшүндүрмө берүү үчүн жаранга 30 жумушчу күн бериши керек. Жаран тарабынан түшүндүрмө көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе же ишенимдүү болбосо, текшерүү жүргүзүлөт.

Учурда Казакстанда жарандары которуулар суммасынын көптүгүнө байланыштуу жеке банк эсептери бөгөттөлүп жатканы тууралуу көбүрөөк айтып жатышат. Анткени которуулар суммасы жарыяланган лимиттерден ашып кеткен. Колдонуучулардын нааразычылыгы көбүнчө коммерциялык банктарга багытталууда. Банктар болсо өз кезегинде кардарларга жаңы мыйзамдардын иштеши тууралуу маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Кыргызстанда да Казакстандагыдай сценарий болушу мүмкүнбү?

Азыр Кыргызстанда жеке эсептер боюнча атайын бекитилген сандык чектөө критерийлери жок, бирок келечекте мындай механизм пайда болушу мүмкүн. Аймактык практика көрсөткөндөй, көмүскө экономикага каршы күрөш санариптик финансылык көзөмөлгө көбүрөөк шилтеме берет, анын ичинде банктык маалыматтарды анализдөө.

Кыргыз Республикасында бул процесс буга чейин эле башталган: банктар менен салык органдарынын ортосунда маалымат алмашуу кеңейип жатат, ал эми фискалдык башкаруунун санариптештирүү деңгээли жогорулап баратат. Координацияны Улуттук банк жана Салык кызматы камсыз кылат, бул Кыргызстандагы эрежелерди Казакстандагы практика менен жакындатууда.

Жыйынтык

Фискалдык мотивация Кыргызстанда күчтүү:

  • көптөгөн жеке ишкерлер жана микро-бизнес;
  • жеке карталар жана QR аркылуу төлөмдүн кеңири колдонулушу;
  • чектелген салык базасы.

Бул жагынан алганда аналитикалык критерийлерди киргизүүгө техникалык тоскоолдуктар дээрлик жок: банктар которуу жасаган адамдардын саны, каражаттардын үзгүлтүксүз келип турушу жана которуулардын жалпы суммасы тууралуу маалыматка ээ, ал эми финансы мониторингинин алкагында маалымат берүү мурунтан эле жолго коюлган тартип болуп эсептелет.

Демек, Казакстандагыдай чектик критерийлердин Кыргызстанда пайда болушу мүмкүнбү деген маселе – техникалык эмес, негизинен саясий-административдик мүнөзгө ээ.

🧭
Жакын арада Кыргызстанда көзөмөлдү кескин күчөтүү ыктымалдуулугу аз. "Карта аркылуу табылган киреше" деп аталган көрүнүш коом үчүн сезимтал тема бойдон калууда жана ал тез эле коомдук нааразычылыкты жаратышы мүмкүн. Ошондуктан бизде боло турган сценарий — жумшак жана баскыч-баскычы менен ишке ашкан ыкма: банктар тобокелдиктин расмий эмес белгилерине таянып иш жүргүзөт, салык органдары түшүндүрмөлөрдү автоматтык айып пул салбастан сурайт, ал эми мамлекет кирешелерди жөнөкөйлөштүрүлгөн режимдер аркылуу мыйзамдаштырууга акырындык менен түрткү берет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги ЖЭБ жана жылуулук тармактары салыктардан бошотулат

Бишкектеги ЖЭБ жана жылуулук тармактары салыктардан бошотулат

Министрлер кабинети 2022-жылдын 30-апрелиндеги №236 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул документ Салык кодексинин жана ЕАЭБ келишимдеринин нормаларын колдонуу тартибин жөнгө салат. Документке ылайык, киреше салыгынан жана кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулган уюмдардын тизмесине эки муниципалдык ишкана — Бишкек ЖЭБи жана "Бишкек жылуулук тармактары" киргизилди. Мындан тышкары, токтомдун текстинде "коммуналдык&

Улуттук банктын активдеринин жалпы көлөмү 896,9 млрд сомго жетти

Улуттук банктын активдеринин жалпы көлөмү 896,9 млрд сомго жетти

Улуттук банк 2026-жылдын 31-мартына карата финансылык абалы тууралуу отчетун жарыялады. Документке ылайык, жөнгө салуучунун активдеринин жалпы көлөмү 896,9 млрд сомду түзүп, 2025-жылга салыштырмалуу кыйла өстү. Активдердин негизги бөлүгүн мурдагыдай эле монетардык алтын түзөт — 608,8 млрд сомдон ашык (бир жыл мурун 292,4 млрд сом болгон). Кассадагы, банктардагы жана

Бишкектеги парктарда мыйзамсыз соода кылгандарга айып пул салынды

Бишкектеги парктарда мыйзамсыз соода кылгандарга айып пул салынды

Бишкек шаардык мериясынын Муниципиалдык инспекциясы баш калаадагы парктарда мыйзамсыз соода кылгандарга карата чара көрдү. Бул тууралуу аталган инспекциянын башчысы Мирлан Таалайбеков билдирди. Маалыматка таянсак, Муниципиалдык инспекция тарабынан  мыйзамсыз бамуздак саткандарга айып пул салынды. Анда инспекция көчөдө талаптарга ылайык келбеген балмуздак саткандарды текшерип, аларга айып пул салган.  “Кээ бир жарандар Бишкектеги

Жалпы республикалык тестке 61 412 адам катталды

Жалпы республикалык тестке 61 412 адам катталды

2026-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөгө 61 412 адам катталды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигенен билдиришти. Алардын ичнен: 35 535 – Кыргыз тили тестине катталган; 28 993 – орус тилинде текстке катталган; Маалыматтарын тапшырбагандардын саны - 3 104; Толук эмес толтурулган билдирмелердин саны - 675; Жалпы республикалык тестке каттоо 17-февралдан 2-апрелге чейин жүргүзүлгөн.