Эл аралык баалуу кагаздар рыногуна чыгуу маселеси талкууланды

Эл аралык баалуу кагаздар рыногуна чыгуу маселеси талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев эл аралык облигацияларды, акцияларды жана башка баалуу кагаздарды чыгаруу маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун экинчи отурумун өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешме Президенттин 2025-жылдын 29-январындагы №27 "Инвестициялык климатты өнүктүрүү жана тышкы каржылоо булактарына жетүүнү кеңейтүү боюнча айрым чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

Отурумда Кыргызстандын дебюттук еврооблигацияларын эл аралык капитал рыногунда жайгаштыруунун жыйынтыктары жана Улуттук инвестициялык фондду түзүү маселеси эске алынды. Ошондой эле алдыңкы мамлекеттик компаниялардын каржылык абалы талданып, алардын эл аралык рынокко чыгууга даярдыгы бааланды.

Катышуучулар мурда берилген тапшырмалардын аткарылышын жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ири компаниялардын жетекчилери каржылык абалы жана өнүгүү стратегиялары тууралуу маалымат беришти.

Жыйынтыгында күн тартибиндеги бардык маселелер кабыл алынып, ата мекендик компанияларды эл аралык баалуу кагаздар рыногуна даярдоонун кийинки кадамдары аныкталды.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука районунда 26 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Ала-Бука районунда 26 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Ала-Бука - Караван жана Ала-Бука - Касансай автожолдорунун жалпы 26 чакырымдан ашык бөлүгүнө асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Ала-Бука - Караван автожолунун 14 чакырымына асфальт төшөө иштери толук аяктап, жол чийиндери чийилди. Учурда жол белгилерин орнотуу иштери жүрүүдө.

Ишкер Media
"Тазалык" Бишкектиктерге таштандыны чыгаруу боюнча кайрылды

"Тазалык" Бишкектиктерге таштандыны чыгаруу боюнча кайрылды

"Тазалык" ишканасы шаар тургундарына таштандыларды саат 19:00дөн кийин чыгарууну сунуштайт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти. Бул чара таштанды чыгаруу иштерин оптималдаштырып, жол тыгындарын азайтууга багытталган. Ишканадан билдиришкендей, унаа кыймылы азайган кечки убакта таштанды ташуучу техникалар натыйжалуу иштейт. Мэрия тургундарды сунушту эске алып, коммуналдык кызматтардын ишине көмөк

Ишкер Media
Кыргызстанда кескин суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү

Кыргызстанда кескин суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК өлкөдө күндүн кескин сууктаганына байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өскөнүн билдирди. Мекеме белгилегендей, бүгүн Кыргызстандын энергосистемасында электр энергиясын суткалык керектөө 64 млн 318 миң кВт саатка жетти. Бул — күз мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле күнүнө салыштырмалуу 16

Ишкер Media
Бишкекте бир жумада 77 мыйзамсыз объект алынды

Бишкекте бир жумада 77 мыйзамсыз объект алынды

Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы мыйзамсыз объекттерди алуу тууралуу президенттин Жарлыгын аткаруу иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Маалым болгондой, 19-23-октябрь күндөрү шаар аймагында жеңил типтеги 44 объект жана 33 капиталдык курулуш демонтаждалды. Натыйжада 7 664 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Иштер мажбурлоо жана ыктыярдуу түрдө жүргүзүлдү.

Ишкер Media