"Тазалык" Бишкектиктерге таштандыны чыгаруу боюнча кайрылды
"Тазалык" ишканасы шаар тургундарына таштандыларды саат 19:00дөн кийин чыгарууну сунуштайт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.
Бул чара таштанды чыгаруу иштерин оптималдаштырып, жол тыгындарын азайтууга багытталган.
Ишканадан билдиришкендей, унаа кыймылы азайган кечки убакта таштанды ташуучу техникалар натыйжалуу иштейт.
Мэрия тургундарды сунушту эске алып, коммуналдык кызматтардын ишине көмөк көрсөтүүгө чакырды.